# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-июлундагы № 275-б (Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-июлундагы № 275-б (Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 275-р
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217319>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16995/edition/961702/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217319.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-июлундагы № 275-б (Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу (23.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217319

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 23-июлу № 275-б Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасынын ишин активдештирүү жана оптималдаштыруу үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасынын уставдык капиталын түзүү үчүн 50 000 000 (элүү миллион) сом суммасындагы финансы каражатын "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын "Мамлекеттик программалар, иш-чаралар жана төлөмдөр" бөлүмүндө каралган каражаттардын эсебинен бөлүп берсин;

- "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун даярдоодо тийиштүү өзгөртүүлөрдү карасын.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
