# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы № 287-б (Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин мөөнөтсүз пайдалануусуна жер участогун өткөрүп берүү жөнүндө) буйруг

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы № 287-б (Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин мөөнөтсүз пайдалануусуна жер участогун өткөрүп берүү жөнүндө) буйруг
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 287-р
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217308>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16984/edition/961196/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217308.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы № 287-б (Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин мөөнөтсүз пайдалануусуна жер участогун өткөрүп берүү жөнүндө) буйруг (01.08.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217308

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 1-августу № 287-б Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 396 "Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Товарларды эсепке алуунун стационардык пунктун куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын мөөнөтсүз пайдалануусунда турган Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кең-Булуң айыл аймагынын 165-контурунда жайгашкан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер" категориясына таандык болгон аянты 0,60 га жер участогу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин мөөнөтсүз пайдалануусуна өткөрүп берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы өткөрүп берилүүчү жер участогун пайдалануу укугун белгиленген тартипте кайра каттасын.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
