Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-министринин (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү женүндө) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-29.
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 29-мартындагы №260 КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2017-жылдын 22-июну № 446 Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 590 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында документтер менен иштөөнүн регламентинде:
- 17-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Актынын долбоору Өкмөттүн Регламентинин талаптарына ылайык келген учурда актынын долбоору анын ылайыктуулугу жөнүндө тийиштүү корутунду жана тиркемеде көрсөтүлгөн форма боюнча (№ 1 үлгү) график-матрица менен документти кол коюуга даярдоо үчүн жооптуу тийиштүү түзүмдүк бөлүнүшкө (мындан ары - жооптуу түзүмдүк бөлүнүш) берилет.";
- расмий тилдеги текстинин 44-пунктунун үчүнчү абзацындагы "О государственных секретах" деген сөздөр "О защите государственных секретов" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 98-1-пункт менен толукталсын: "98-1. Премьер-министрдин, биринчи вице-премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин катышуусундагы кеңешмелердин аудиожазмасы кеңешме өткөрүлгөн күндөн тартып бир айга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын маалыматташтыруу жана телекоммуникация бөлүмүндө сакталат. Ушул мөөнөттүн ичинде кеңешмени уюштурган жооптуу түзүмдүк бөлүнүш зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын маалыматташтыруу жана телекоммуникация бөлүмүндөгү жазмаларды эсепке алуу журналына тийиштүү белги коюу менен аудиожазманы маалыматтын электрондук алып жүрүүчүсүнө көчүрүп, аны ушул түзүмдүк бөлүнүштө алты айга чейин сактайт. Көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин кеңешмени уюштурган жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн ыктыяры боюнча маалыматтын электрондук алып жүрүүчүсү Өкмөттүн Аппаратынын иш номенклатурасына ылайык андан ары сактоо үчүн тизим боюнча (датасын, өткөрүү жерин жана каралган маселелердин маңызын көрсөтүү менен) иш кагаздарын жүргүзүү секторуна өткөрүп берилет.".
Премьер-министр
С.Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын 2022-жылдын 29-мартындагы № 260 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечимдерин инвентаризациялоонун алкагында, "Кыргыз…Распоряжение · 29.03.2022 · № 260
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында документтер менен иштөөнүн" РЕГЛАМЕНТИ (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 590 буйругу менен…Регламент · 08.11.2016 · № 590 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын 2022-жылдын 29-мартындагы № 260 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечимдерин инвентаризациялоонун алкагында, "Кыргыз…Распоряжение · 29.03.2022 · № 260
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 590 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө"Распоряжение · 08.11.2016 · № 590 · Күчүн жоготкон