# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы № 288-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы № 288-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 288-р
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217300>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16976/edition/968198/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217300.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы № 288-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу (13.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217300

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 481-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 1-августу № 288-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык жана башка максаттарда пайдалануучу атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин тизмегинде:

- "Ветеринариялык максаттарда этил спиртин пайдалануучу субъекттер" деген II бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:

"3. "Кыргыз Коньягы" жоопкерчилиги чектелген коомунун "ИДЕАЛ-ФАРМ" филиалы";

- "Техникалык жана башка максаттарда этил спиртин пайдалануучу субъекттер" деген III бөлүмүндө:

27-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "27. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун Бишкектеги сыноо, сертификаттоо жана метрология борбору"; 29-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "29. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору"; 41-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "41. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишканасы"; 80-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "80. "Астра" жоопкерчилиги чектелген коому"; 85-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "85. "Пласформ Амбалаж Санайи ве Тиджарет А.Ш." филиалы";

- төмөнкүдөй мазмундагы 89-90-пункттар менен толукталсын:

"89. "Кыргыз Тест" жоопкерчилиги чектелген коому

90. "СИРКИЗ" жоопкерчилиги чектелген коому".

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
