# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6 - августундагы № 293-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6 - августундагы № 293-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 293-р
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217296>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16972/edition/968206/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217296.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6 - августундагы № 293-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу (06.08.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217296

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 6 - августу № 293-б Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин l-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-октябрындагы № 700 токтому менен бекитилген Монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдарды өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддору жөнүндө жобонун 2-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча монополияга каршы мыйзамдарда белгиленген жөнгө салуучулук талаптардан четтөөнүн суммасынан алынган кирешенин эсебинен 2 443 734 (эки миллион төрт жүз кырк үч миң жети жүз отуз төрт) сом суммасындагы акча каражатын мыйзамсыз (негизсиз жана кошумча) алынган киреше катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке бөлүп берсин;

- «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул буйруктан келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте караштырсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн финансылык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты белүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазпев
