# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-февралындагы № 63-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-майындагы № 184-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-февралындагы № 63-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-майындагы № 184-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 63-р
- Кабыл алынган күнү: 26.02.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.02.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217222>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16958/edition/974118/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217222.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.02.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-февралындагы № 63-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-майындагы № 184-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу (26.02.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217222

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 26-февралы № 63-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин ишин координациялоо жана оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-майындагы № 184-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин курамы:

төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын чек аралык маселелер, региондук өнүктүрүү, агроөнөр жай комплекси, суу ресурстары маселелерин тейлөөчү вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;"; төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;".

Премьер-министр

С. Дж. Исаков
