# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-июлундагы № 255-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцариянын Федералдык Кеңешинин ортосундагы "Чакан жана орто ишканалардын мөмөлөр боюнча кошумча наркты түзүү чынжырчасында стандарттарды сактоо потенциалын бекемдөө аркылуу рынокко чыгуу мүмкүндүгүн кеңейтүү" экономикалык өнүктүрүү долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбоору жактыруу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-июлундагы № 255-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцариянын Федералдык Кеңешинин ортосундагы "Чакан жана орто ишканалардын мөмөлөр боюнча кошумча наркты түзүү чынжырчасында стандарттарды сактоо потенциалын бекемдөө аркылуу рынокко чыгуу мүмкүндүгүн кеңейтүү" экономикалык өнүктүрүү долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбоору жактыруу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 255-р
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217216>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16952/edition/957644/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217216.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-июлундагы № 255-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцариянын Федералдык Кеңешинин ортосундагы "Чакан жана орто ишканалардын мөмөлөр боюнча кошумча наркты түзүү чынжырчасында стандарттарды сактоо потенциалын бекемдөө аркылуу рынокко чыгуу мүмкүндүгүн кеңейтүү" экономикалык өнүктүрүү долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбоору жактыруу жөнүндө) буйругу (08.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217216

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 8-июлу № 255-б

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцариянын Федералдык Кеңешинин ортосундагы "Чакан жана орто ишканалардын мөмөлөр боюнча кошумча наркты түзүү чынжырчасында стандарттарды сактоо потенциалын бекемдөө аркылуу рынокко чыгуу мүмкүндүгүн кеңейтүү" экономикалык өнүктүрүү долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жогоруда аталган Меморандумга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцариянын Федералдык Кеңешинин ортосундагы "Чакан жана орто ишканалардын мөмөлөр боюнча кошумча наркты түзүү чынжырчасында стандарттарды сактоо потенциалын бекемдөө аркылуу рынокко чыгуу мүмкүндүгүн кеңейтүү" экономикалык өнүктүрүү долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Швейцария Федералдык Кеңешинин атынан SЕСО экономикалык байланыштар боюнча мамлекеттик катчылыгы 2002-жылдын 23-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 15-июлундагы № 131 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцариянын Федералдык Кеңешинин ортосундагы Техникалык жана финансылык кызматташтык жана гуманитардык жардам жөнүндө алкактык макулдашуунун негизинде; Тараптардын ортосундагы кызматташтык байланыштарын андан ары өнүктүрүүгө ниеттенип; "Чакан жана орто ишканалардын мөмөлөр боюнча кошумча наркты түзүү чынжырчасында стандарттарды сактоо потенциалын бекемдөө аркылуу рынокко чыгуу мүмкүндүгүн кеңейтүү" экономикалык өнүктүрүү долбоорун талкуулоодо, иштеп чыгууда, илгерилетүүдө жана ишке ашырууда экспертиза борбору катары Бириккен Улуттардын өнөр жай өнүктүрүү боюнча уюму (ЮНИДО) аныкталгандыгын тастыктап; Чакан жана орто ишканалар үчүн максаттуу багыттарда рынокко чыгууну жеңилдетүү максатында мөмөлөрдүн кошумча наркынын чынжырчасында сапат жана шайкештик стандарттар жаатындагы потенциалын жогорулатуу аркылуу тийиштүү эл аралык стандарттарды аткаруу жана сактоо зарылдыгын таанып; Натыйжалуулукту жогорулатуу жана аракеттердин кайталанып аткарылышына жол бербөө максатында ар түрдүү реформаларды колдоодо Долбоордун катышуучуларынын, ошондой эле башка эл аралык өнөктөштөрдүн ортосунда натыйжалуу кызматташтыктын жана үзгүлтүксүз консультациялардын зарылдыгын моюнга алып; Кызматташуунун негизги принциби катары потенциалды жогорулатуу боюнча ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюуну каалап; Төмөнкүдөй түшүнүккө келишти:

1. "Чакан жана орто ишканалардын мөмөлөр боюнча кошумча наркты түзүү чынжырчасында стандарттарды сактоо потенциалын бекемдөө аркылуу рынокко чыгуу мүмкүндүгүн кеңейтүү" экономикалык өнүктүрүү долбоорунун жалпы максаты - Кыргыз Республикасында мөмөлөрдүн кошумча наркынын чынжырчасы боюнча стандарттарга жана сапатка шайкештикти камсыз кылуу потенциалын жогорулатуу аркылуу атаандашуу жөндөмүн жогорулатууга көмөк көрсөтүүгө багытталган.

2. Өз ара түшүнүшүү жөнүндө ушул Меморандумда камтылган "Чакан жана орто ишканалардын мөмөлөр боюнча кошумча наркты түзүү чынжырчасында стандарттарды сактоо потенциалын бекемдөө аркылуу рынокко чыгуу мүмкүндүгүн кеңейтүү" экономикалык өнүктүрүү долбоору Кыргыз Республикасынын инфраструктурасындагы негизги көйгөйлөрдү төмөнкүлөр аркылуу чечүүгө багытталган:

i. Мөмөлөрдүн кошумча наркынын чынжырчасын колдогон, кызмат көрсөтүүлөр үчүн сапат инфраструктурасынын улуттук системасынын туруктуулугун жана техникалык компетенттүүлүгүн жогорулатуу;

ii. Мөмөлөрдүн кошумча наркынын чынжырчасына тийиштүү эл аралык стандарттардын жана техникалык регламенттердин чакан жана орто ишканалар тарабынан сактоо мүмкүндүгүн жогорулатуу; iii. Мөмөлөрдүн кошумча наркынын бардык чынжырчасы боюнча сапат жөнүндө кабардар болуу деңгээлин жогорулатуу.

3. "Чакан жана орто ишканалардын мөмөлөр боюнча кошумча наркты түзүү чынжырчасында стандарттарды сактоо потенциалын бекемдөө аркылуу рынокко чыгуу мүмкүндүгүн кеңейтүү" экономикалык өнүктүрүү долбоорунун максаты жана иш-чаралары долбоордук документте көрсөтүлгөн.

4. Швейцариянын Федералдык Кеңеши максималдуу суммасы 968180 АКШ долларына ЮНИДОго кайтарымсыз салымы менен "Чакан жана орто ишканалардын мөмөлөр боюнча кошумча наркты түзүү чынжырчасында стандарттарды сактоо потенциалын бекемдөө аркылуу рынокко чыгуу мүмкүндүгүн кеңейтүү" экономикалык өнүктүрүү долбооруна колдоо көрсөтүүгө ниеттенүүдө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ички жактыруу жол-жобосуна ылайык долбоор үчүн кошумча сумманы бере алат.

5. Долбоорго кандай гана болбосун финансылык салым ЮНИДО тарабынан ишке ашырылуучу "Чакан жана орто ишканалардын мөмөлөр боюнча кошумча наркты түзүү чынжырчасында стандарттарды сактоо потенциалын бекемдөө аркылуу рынокко чыгуу мүмкүндүгүн кеңейтүү" экономикалык өнүктүрүү долбоорунун алкагында ишти каржылоо максатында гана колдонула тургандыгы шартталууда.

6. "Чакан жана орто ишканалардын мөмөлөр боюнча кошумча наркты түзүү чынжырчасында стандарттарды сактоо потенциалын бекемдөө аркылуу рынокко чыгуу мүмкүндүгүн кеңейтүү" экономикалык өнүктүрүү долбоорун талаптагыдай жана натыйжалуу ишке ашыруу үчүн Экономика министрлигинде Долбоордун координаторун дайындоону кошо алганда, Кыргыз Республикасы керектүү саясий колдоону көрсөтө тургандыгы жана зарыл болгон адамдык ресурстарды бере тургандыгы күтүлүүдө.

7. Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум Тараптардын ортосунда кандайдыр бир юридикалык жактан милдеттендирүүчү милдеттерди пайда кылууга багытталган эмес жана "Чакан жана орто ишканалардын мөмөлөр боюнча кошумча наркты түзүү чынжырчасында стандарттарды сактоо потенциалын бекемдөө аркылуу рынокко чыгуу мүмкүндүгүн кеңейтүү" экономикалык өнүктүрүү долбоорунун колдонуу мөөнөтүндө ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана ушул Долбоордун аякташына байланыштуу токтотулат.

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ шаарында 20\_\_\_-жылдын "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ эки нускада, ар бири кыргыз, англис жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ болушат. Ушул Меморандумдун текстин чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда, англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.

Кол коюлду (күнү/айы/жылы)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн

Швейцариянын Федералдык Кеңеши үчүн

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_
