# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-июлундагы № 261-б (2012-жылдын 11-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоорун жактыруу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-июлундагы № 261-б (2012-жылдын 11-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоорун жактыруу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 261-р
- Кабыл алынган күнү: 11.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217214>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16950/edition/957640/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217214.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-июлундагы № 261-б (2012-жылдын 11-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоорун жактыруу жөнүндө) буйругу (11.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217214

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 11-июлу № 261-б

1. 2012-жылдын 11-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасына жогоруда аталган Протоколдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев

Долбоор

2012-жылдын 11-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Казакстан Республикасынын Өкмөтү, 2012-жылдын 11-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) 8-беренесин жетекчиликке алуу менен, Тараптардын мамлекеттеринин миграция жана жол жүрүү документтерин бир түргө келтирүү жаатындагы өздөрүнүн улуттук мыйзамдарын бири-бирине шайкеш келтирүүгө кызыкдарлыгынын өсүүсүн белгилеп, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Макулдашуунун 4-беренесинин 7-пункттары Кыргыз Республикасы жана Казакстан Республикасы үчүн алып салынсын. 2-берене. Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда Тараптардын ортосундагы бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет. 3-берене. Ушул Протокол анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүү дипломатиялык каналдар боюнча алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

20\_\_\_-жылдын "\_\_\_\_"-\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ шаарында эки түп нускада, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Тексттерди чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда орус тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн

Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_
