Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-министринин (Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн реформалоону этап-этабы менен жүргүзүүнүн жол картасын ишке ашыруу боюнча дайыма иштөөчү ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Председателя Кабинета Министров КР от 1 декабря 2023 года № 622 (О признании утратившими силу некоторых распоряжений Премьер-министра Кыргызской Республики, Председателя Кабинета Министров Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-01.
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы № 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2019-жылдын 5-июлу № 370 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-декабрындагы № 461-б буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн реформалоону этап-этабы менен жүргүзүүнүн жол картасын ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн реформалоону этап-этабы менен жүргүзүүнүн жол картасын ишке ашыруу боюнча дайыма иштөөчү ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн реформалоону этап-этабы менен жүргүзүүнүн жол картасынын иш-чараларын ишке ашырууга мониторинг жүргүзсүн.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ зарыл болгон учурда чакан топторду түзүүгө, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин адистерин, ошондой эле жарандык сектордун жана бизнес-коомчулуктун кызыкдар өкүлдөрүн ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, жана методикалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн реформалоону этап-этабы менен жүргүзүүнүн жол картасын ишке ашыруучу ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Бакиров Жетиген Жокинович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кожоев Мирбек Кокулбаевич
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары - мониторингди өнүктүрүү секторунун башчысы (макулдашуу боюнча);
Алыкулов Рамис Муратбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы;
Байдылдаев Мурат Курманбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Тогусаков Осмон Асанкулович
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);
Содомбаев Жумаш Асанович
-
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарбасы департаментинин өндүрүш боюнча директорунун орун басары;
Калдыбай уулу Мирлан
-
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин укуктук камсыздоо жана кадрдык иштер башкармалыгынын начальниги;
Садырбаев Руслан Замирович
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бюджеттер аралык мамилелер башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу;
Калмырзаев Мирбек Темирбекович
-
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин региондорду өнүктүрүү саясаты бөлүмүнүн башчысы;
Сламкулов Медер Өмүргазиевич
-
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин актыларды иштеп чыгуу жана экспертизалоо биринчи башкармалыгынын жер, жаратылышты коргоо, агрардык жана архитектуралык мыйзамдар бөлүмүнүн башчысы;
Кыдыкманов Эмилбек Сагындыкович
-
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин агрардык саясат жана экономикалык болжолдоо бөлүмүнүн башчысы;
Алышбаев Медер Бозумович
-
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын аналитикалык иштер бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Айтбаев Урмат Шакиралиевич
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун илимий кызматкери;
Чекиров Асылбек Асаналиевич
-
көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-декабрындагы № 461-б "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн реформалоону этап-этабы менен жүргүзүүнүн жол картасын бекитүү…Распоряжение · 28.12.2018 · № 461-б
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы № 622 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Министрлер…Распоряжение · 01.12.2023 · № 622