# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 242-б ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-сентябрындагы № 410-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу)

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 242-б ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-сентябрындагы № 410-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу)
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 242-р
- Кабыл алынган күнү: 28.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.06.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217205>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16941/edition/957368/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217205.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 242-б ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-сентябрындагы № 410-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу) (28.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217205

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 28-июну, № 242-б Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жетүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-сентябрындагы № 410-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пунктундагы "2019-жылдын 1-июлуна" деген сөздөр "2019-жылдын 31-декабрына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 476-б буйругунун алкагында бөлүнгөн жана үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен чыгымдарды каржылоону камсыздасын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
