# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-июлундагы № 243-б ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин 2019-жылга карата атайын эсебиндеги каражаттардын суммасын көбөйтүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-июлундагы № 243-б ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин 2019-жылга карата атайын эсебиндеги каражаттардын суммасын көбөйтүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 243-р
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217203>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16939/edition/957322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217203.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-июлундагы № 243-б ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин 2019-жылга карата атайын эсебиндеги каражаттардын суммасын көбөйтүү жөнүндө) буйругу (01.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217203

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 1-июлу № 243-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 599 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобого ылайык, эмгек акыны, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана киреше салыгын өз убагында төлөп берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесин материалдык-техникалык жактан камсыздоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин 2019-жылга карата атайын эсебиндеги каражаттардын суммасын 129 921 000 (жүз жыйырма тогуз миллион тогуз жүз жыйырма бир миң) сомго көбөйтсүн;

- «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тийиштүү өзгөртүүлөрдү карасын.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
