# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-июнундагы № 232-б (2019-жылдын 29-июну жумуш күнү деп белгилөө жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-июнундагы № 232-б (2019-жылдын 29-июну жумуш күнү деп белгилөө жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 232-р
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217187>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16923/edition/955310/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217187.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-июнундагы № 232-б (2019-жылдын 29-июну жумуш күнү деп белгилөө жөнүндө) буйругу (26.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217187

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 26-июну, № 232-б Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 101-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлери үчүн 2019-жылдын 29-июну Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 115-беренесинде каралган компенсациялоо менен жумуш күнү деп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына 2019-жылдын 29-июну жумуш күнү деп жарыялоо сунушталсын.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
