Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин (Кыргыз Республикасынын региондорун социалдык-экономикалык өнүктүрүү көрсөткүчтөрүнө мониторинг жүргүзүү системасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТР
БУЙРУК 2019-жылдын 2-июлу, № 79 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы № 1 "2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194 "2018-2022-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын региондорун социалдык-экономикалык өнүктүрүү көрсөткүчтөрүнө мониторинг жүргүзүү системасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү көрсөткүчтөрүнүн комплексин түзүүнүн концептуалдык жана методикалык негиздерин карап чыксын, тандоо үчүн критерийлерди жана региондорду өнүктүрүүнүн динамикасын чагылдыруучу тиешелүү көрсөткүчтөрдүн тизмесин иштеп чыксын;
- зарыл болгон учурда мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында тиешелүү көрсөткүчтөрдү жыйноо жана түзүү процессин жеринде баалоо максатында региондорго чыксын;
- иштин жыйынтыгы боюнча региондук өнүктүрүү жөнүндө маалыматтарды натыйжалуу жыйноо боюнча жол картасын иштеп чыксын;
- республиканын жетекчилигине практикалык колдонуу жана региондорду өнүктүрүү деңгээлин баалоо үчүн региондор боюнча аналитикалык материалдардын бирдиктүү форматтарын иштеп чыксын.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.
4. Зарыл болгон учурда ведомстволор аралык жумушчу топко белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартуу укугу берилсин.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишинин алкагындагы иш-чараларды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдардын жана уюмдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, ошондой эле тартылган каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр
С.А.Кылжыев
Тиркеме Кыргыз Республикасынын региондорун социалдык-экономикалык өнүктүрүү көрсөткүчтөрүнө мониторинг жүргүзүү системасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн эксперти, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча). Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн эксперти; Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин региондук статистиканы жана сапатты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Статистикалык изилдөөлөр институтунун эксперти (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун илимий кызматкери; Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин региондордун саясатын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин агрардык саясат жана экономикалык болжолдоо бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин стратегиялык пландоо жана программаларды ишке ашыруу башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин социалдык саясатты иштеп чыгуу боюнча иштерди талдоо жана координациялоо бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин машина куруу, металлургия жана курулуш материалдар башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин стратегиялык пландоо жана которуу бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин уюштуруу иштери, методикалык жана маалыматтык колдоо башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтык технологиялар жана байланыш бөлүмүнүн башчысы.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы ПЖ № 1 "2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 11.01.2019 · № 1
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-марты № 194 "2018-2022-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.03.2017 · № 194 · Күчүн жоготкон