# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-июнундагы № - 226-б (Автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына өткөрүп берүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-июнундагы № - 226-б (Автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына өткөрүп берүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 226-р
- Кабыл алынган күнү: 21.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.06.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217157>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16897/edition/954313/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217157.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-июнундагы № - 226-б (Автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына өткөрүп берүү жөнүндө) буйругу (21.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217157

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 21-июну, № - 226-б "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Респубикасындагы Эл аралык кызматташтык боюнча германия коомунун (GIZ) арызынын негизинде 2010-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № ССС463550, кузовунун № WVWZZZ6RZBҮ086194, кыймылдаткычынын көлөмү 1400 см3, ак түстөгү "Фольксваген Поло" маркасындагы автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосунда белгиленген тартипте жайгаштырсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине кабыл алсын жана аны "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын автотранспорттук ишканасы" мамлекеттик мекемесине оперативдүү башкарууга өткөрүп берсин.

3. "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын автотранспорттук ишканасы" мамлекеттик мекемеси ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
