# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-июнундагы №- 213-б (Медициналык жабдууларды, дары каражаттарды жана медициналык буюмдарды сатып алууга акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-июнундагы №- 213-б (Медициналык жабдууларды, дары каражаттарды жана медициналык буюмдарды сатып алууга акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 213-р
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217153>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16893/edition/953656/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217153.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-июнундагы №- 213-б (Медициналык жабдууларды, дары каражаттарды жана медициналык буюмдарды сатып алууга акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу (11.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217153

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 11-июну №- 213-б 2014-жылдын 28-январында кол коюлган Кыргыз Республикасынын, Кыргыз Республикасындагы Швейцария Элчилигинин, Немец өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып, SWAp-2 кеңири секторлуу мамилелер долбоорунун алкагында 2018-жылы донордук коомдон келип түшкөн каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине 380 000 000 (үч жүз сексен миллион) сомду медициналык жабдууларды, дары каражаттарды жана медициналык буюмдарды сатып алууга бөлүп берсин;

- «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизсин.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыздасын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
