# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-июнундагы № 222-б («Кепилдик фонд» ачык акционердик коомунун натыйжалуу иштөөсүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-июнундагы № 222-б («Кепилдик фонд» ачык акционердик коомунун натыйжалуу иштөөсүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 222-р
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.06.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217146>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16886/edition/953640/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217146.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-июнундагы № 222-б («Кепилдик фонд» ачык акционердик коомунун натыйжалуу иштөөсүү жөнүндө) буйругу (12.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217146

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 17-июну № 222-б «Кепилдик фонд» ачык акционердик коомунун андан ары натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы № 2 "2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. "Кепилдик фонд" ачык акционердик коомунун акционерлеринин жалпы жыйынына жөнөкөй акцияларды кошумча эмиссиялоо жолу менен уставдык капиталын 550 000 000 (беш жүз элүү миллион) сом суммасына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте көбөйтүү сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына "Кепилдик фонд" ачык акционердик коомунун акциялардын кошумча эмиссиясын сатып алуу сунушталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте ушул буйруктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
