# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11- июнундагы № 211-б (Кошумча наркка салыкты төлөө үчүн акча каражаттар бөлүп берүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11- июнундагы № 211-б (Кошумча наркка салыкты төлөө үчүн акча каражаттар бөлүп берүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 211-р
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217144>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16884/edition/953636/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217144.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11- июнундагы № 211-б (Кошумча наркка салыкты төлөө үчүн акча каражаттар бөлүп берүү жөнүндө) буйругу (11.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217144

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 11- июну № 211-б Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы менен Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин ортосундагы макулдашууну ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүгө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйынын өткөрүүнүн алкагында Россия Федерациясы тарабынан көрсөтүлгөн кайтарымсыз техникалык жардам берүүдө пайда болгон кошумча наркка салыкты төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына 59 001 300,0 (элүү тогуз миллион бир миң үч жүз) сом бөлүп берсин;

- "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул буйруктан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
