# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-июнундагы № 203-б (Манасчы Жусуп Мамайдын бюстун "Манас" архитектуралык-скульптуралык комплексинде орнотуу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-июнундагы № 203-б (Манасчы Жусуп Мамайдын бюстун "Манас" архитектуралык-скульптуралык комплексинде орнотуу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 203-р
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217138>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16878/edition/952357/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217138.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-июнундагы № 203-б (Манасчы Жусуп Мамайдын бюстун "Манас" архитектуралык-скульптуралык комплексинде орнотуу жөнүндө) буйругу (11.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217138

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 11-июну № 203-б "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган залкар манасчы Жусуп Мамайдын элесин түбөлүккө калтыруу максатында:

1. Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен бирдикте залкар манасчы Жусуп Мамайдын бюстун "Манас" архитектуралык-скульптуралык комплексинде (Бишкек шаары, Чүй проспекти - Манас проспекти) орнотсун.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги залкар манасчы Жусуп Мамайдын бюстун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
