# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-июнундагы № 185-б (Чүй облусунун, Бишкек жана Ош шаарларынын аймактарындагы билим берүү объекттеринин курулушун каржылоо маселесин чечүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-июнундагы № 185-б (Чүй облусунун, Бишкек жана Ош шаарларынын аймактарындагы билим берүү объекттеринин курулушун каржылоо маселесин чечүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 185-р
- Кабыл алынган күнү: 04.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.06.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217123>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16863/edition/952261/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217123.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-июнундагы № 185-б (Чүй облусунун, Бишкек жана Ош шаарларынын аймактарындагы билим берүү объекттеринин курулушун каржылоо маселесин чечүү жөнүндө) буйругу (04.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217123

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 4-июну № 185-б Чүй облусунун, Бишкек жана Ош шаарларынын аймактарындагы билим берүү объекттеринин курулушун каржылоо маселесин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 "Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибинин 11-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен:

1) 2018-жылдын 2-июлунан 2019-жылдын 30-мартына чейинки мезгил үчүн Укук коргоо органдарынын бирдиктүү депозиттик эсебине которулган каражаттардын эсебинен республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн 1124613428 (бир миллиард жүз жыйырма төрт миллион алты жүз он үч миң төрт жүз жыйырма сегиз) сомго көбөйтсүн, анын ичинде:

- 2019-жылдын 1-январына карата Бирдиктүү казыналык эсептеги каражаттардын калдыгынын эсебинен 465356344 (төрт жүз алтымыш беш миллион үч жүз элүү алты миң үч жүз кырк төрт) сом;

- 2019-жылдын 1-апрелине карата Бирдиктүү депозиттик эсептеги каражаттардын калдыгынын эсебинен 439078538 (төрт жүз отуз тогуз миллион жетимиш сегиз миң беш жүз отуз сегиз) сом;

- 2019-жылга республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүнүн эсебинен 220178546 (эки жүз жыйырма миллион жүз жетимиш сегиз миң беш жүз кырк алты) сом;

2) "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча каражаттардын көлөмүн 799320164 (жети жүз токсон тогуз миллион үч жүз жыйырма миң жүз алтымыш төрт) сомго көбөйтсүн;

3) аталган каражаттарды "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорунда эске алсын.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
