# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 179-б (Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап жана Талдуу-Булак айылдык аймактарында жайгашкан узундугу 9 км Каба - Жай-Терек автомобиль жолу муниципалдык жолдор категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына которуу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 179-б (Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап жана Талдуу-Булак айылдык аймактарында жайгашкан узундугу 9 км Каба - Жай-Терек автомобиль жолу муниципалдык жолдор категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына которуу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 179-р
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217120>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16860/edition/952255/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217120.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 179-б (Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап жана Талдуу-Булак айылдык аймактарында жайгашкан узундугу 9 км Каба - Жай-Терек автомобиль жолу муниципалдык жолдор категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына которуу жөнүндө) буйругу (30.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217120

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 30-майы № 179-б "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылыштагы кезектеги VIII сессиясынын 2019-жылдын 4-февралындагы № 16 токтомун көңүлгө алып:

1. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап жана Талдуу-Булак айылдык аймактарында жайгашкан узундугу 9 км Каба - Жай-Терек автомобиль жолу муниципалдык жолдор категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына которулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги:

- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автомобиль жолун ыкчам башкарууга кабыл алсын;

- ыкчам башкарууга кабыл алынган автомобиль жолун оңдоону жана кармоону Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине республикалык бюджеттен 2019-жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын эсебинен жана анын чегинде камсыз кылсын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
