# КР Премьер-министринин 2019-жылдын 03-июнундагы № 277 (Акча каражаттар бөлүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2019-жылдын 03-июнундагы № 277 (Акча каражаттар бөлүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 277
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.06.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217110>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16850/edition/951965/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217110.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2019-жылдын 03-июнундагы № 277 (Акча каражаттар бөлүү жөнүндө) буйругу (03.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217110

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2019-жылдын 03-июну № 277 Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 25-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31 -январындагы № 33 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобого ылайык:

А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын 85 жылдык мааракесине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине 100 000 (жүз миң) сом бөлүнсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
