# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 175-б (Автотранспорт каражаттарын ыкчам башкаруусуна өткөрүп берүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 175-б (Автотранспорт каражаттарын ыкчам башкаруусуна өткөрүп берүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 175-р
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217079>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16819/edition/951273/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217079.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 175-б (Автотранспорт каражаттарын ыкчам башкаруусуна өткөрүп берүү жөнүндө) буйругу (30.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217079

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 30-майы № 175-б "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин "2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын иштерине көмөк көрсөтүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргызстандагы эл аралык кызматташуу боюнча Герман коомунун өкүлчүлүгүнүн арызынын негизинде 2006-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № TD42185584, кузовунун № JNITCSY61Z0559668, кыймылдаткычынын көлөмү 4200 см3, ак түстөгү "Ниссан-Патрол", ошондой эле 2008-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № TD42207082, кузовунун. № JNITCSY61Z0572064, кыймылдаткычынын көлөмү 4200 см3, ак түстөгү "Ниссан-Патрол" маркасындагы автотранспорт каражаттарын белгиленген тартипте мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосунда жайгаштырсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын мамлекеттин менчигине кабыл алсын жана 2006-жылы чыгарылган "Ниссан-Патролду" Ош облусунун Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын жана 2008-жылы чыгарылган "Ниссан-Патролду" Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.

3. Ош облусунун Ноокат райондук жана Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик администрациялары белгиленген тартипте ушул буйруктун 1 жана 2-пункттарында аталган автотранспорт каражаттарын ыкчам башкарууга кабыл алсын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
