# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 170-б (Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн көбөйтүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 170-б (Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн көбөйтүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 170 -р
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217078>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16818/edition/951271/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217078.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 170-б (Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн көбөйтүү жөнүндө) буйругу (30.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217078

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 30-майы № 170-б «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8 жана 9-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы комитети менен макулдашып, белгиленген тартипте бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн жалпы суммасы 483 332 600 (төрт жүз сексен үч миллион үч жүз отуз эки миң алты жүз) сомго көбөйтсүн, анын ичинде:

- 478 245 600 (төрт жүз жетимиш сегиз миллион эки жүз кырк беш миң алты жүз) сом «Онкологиялык кызматты колдоо фонду» коомдук фондунан келип түшкөн, 2019-жылдын башына карата максаттуу каражаттардын калдыктарынын эсебинен;

- 5 087 000 (беш миллион сексен жети миң) сом 2019-жылдын башына карата милдеттүү медициналык камсыздандыруунун максаттуу каражаттарынын калдыктарынын эсебинен.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен бирдикте «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
