# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-майындагы № 149-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-майындагы № 149-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 149-р
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217059>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16799/edition/950013/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217059.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-майындагы № 149-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу (24.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217059

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 24-майы № 149-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы № 20-б буйругу менен бекитилген "Санарип Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча жол картасынын иш-чараларын өз убагында аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (финансы полициясы) түзүмдөштүрүлгөн кабелдик системаны куруу, жабдыктар менен жабдуулоо, маалыматтык системаларды ишке киргизүү үчүн, анын ичинде "Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри" системасынын натыйжалуу иштеши үчүн "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын "Мамлекеттик программатор, иш-чаралар жана төлөмдөр - санариптик экономика" бөлүмүндө каралган каражаттардын эсебинен 23 478 837 (жыйырма үч миллион төрт жүз жетимиш сегиз миң сегиз жүз отуз жети) сом бөлүп берсин;

- "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул буйруктан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
