# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 80-б (Автотранспорт каражаттарын мамлекеттин менчигине кабыл алуу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 80-б (Автотранспорт каражаттарын мамлекеттин менчигине кабыл алуу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 80-Р
- Кабыл алынган күнү: 29.03.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217052>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16792/edition/949755/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217052.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 80-б (Автотранспорт каражаттарын мамлекеттин менчигине кабыл алуу жөнүндө) буйругу (29.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217052

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 29-марты № 80-б Автотранспорт каражаттарын мамлекеттин менчигине өткөрүү максатында, «Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасындагы Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) арызынын негизинде төмөнкү автотранспорт каражаттарын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы жол-жобосуна белгиленген тартипте жайгаштырсын:

- 2014-жылы чыгарылган, кузовунун № JN1TFSY61Z0570101, кыймылдаткычынын № ТВ48082488, кыймылдаткычынын көлөмү 4759 см3, ак түстөгү «Ниссан Патрол» автомашинасы;

- 2009-жылы чыгарылган, шасси № JNITBSY61Z0540896, кыймылдаткычынын № ТВ45113009, кыймылдаткычынын көлөмү 4759 см3, ак түстөгү «Ниссан Патрол» автомашинасы.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине кабыл алсын, наркын бааласын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине оперативдүү башкарууга өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын белгиленген тартипте оперативдүү башкарууга кабыл алсын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси

жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
