Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык Ислам соода-финансылык корпорациясынын ортосундагы Кызматташтык жөнүндө алкактык макулдашуунун мамлекеттик тилдеги долбоорун жактыруу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылцын 29-марты № 78-б "Кувейт шаарында (Кувейт мамлекети) 2006-жылдын 30-майында кол коюлган Эл аралык Ислам соода-финансылык корпорациясын уюштуруу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулушу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык Ислам соода-финансылык корпорациясынын ортосундагы Кызматташтык жөнүндө алкактык макулдашуунун мамлекеттик тилдеги тиркелген долбоору (мындан ары - Алкактык макулдашуу) жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары М.К.Байгончоковго аталган Алкактык макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык Ислам соода-финансылык корпорациясынын ортосундагы Кызматташтык жөнүндө алкактык макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) жана Эл аралык Ислам соода-финансылык корпорациясы (мындан ары - ЭИСФК) өз алдынча "Тарап", ал эми бирге - "Тараптар" деп аталуучу, 2006-жылдын 30-майындагы Эл аралык Ислам соода-финансылык корпорациясын уюштуруу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, ушул Алкактык макулдашуунун алкагында төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
- Ислам кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын соода кызматташтыгын ЭИСФК уюштуруу максаттарына ылайык илгерилетүү;
- ортодогу тилектештик боюнча кызматташууну ишке ашыруу;
- ЭИСФК Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө активдүү салым кошуп келет жана ушул максатка жетүү үчүн натыйжалуу негизди/платформаны түзөт.
1- берене. Максаты Ушул Алкактык макулдашуунун максаты Өкмөт менен ЭИСФК ортосунда стратегиялык өнөктөштүктү жөнгө салуу үчүн аракеттерди координациялоо жана тыгыз кызматташтыкты камсыздоо жолдорун табуу болуп эсептелет. 2- берене. Кызматташтыктын чөйрөсү
2.1 Ушул Алкактык макулдашуунун 4-беренесинин жоболорун эске алуу менен ЭИСФК өзүнүн ресурстарын жана эл аралык, региондук өнүктүрүү агенттиктер, коммерциялык банктар жана финансылык институттар мобилизациялаган каражаттарды төмөнкүлөр үчүн (эң мыкты аракеттердин негизинде) пайдаланат:
2.1.1 Өкмөттүн өтүнмөсү боюнча жана ушул Алкактык макулдашуунун жоболоруна ылайык берилген негизги товарлардын жана башка ар кандай товарлардын жана/же продуктулардын импортун каржылоого;
2.1.2. Тараптардын ортосунда макулдашыла турган товарларды сатып алууну каржылоо үчүн Өкмөткө каржылоо берүүгө;
2.1.3. Өкмөттүн өтүнмөсү боюнча берилген товарларды сатып алуу үчүн экспорттоонун алдында каржылоону берүүгө;
2.1.4. Жеке секторду жалпысынан, анын ичинде чакан жана орто ишканаларды колдоо үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү финансы уюмдарына финансылык багытын берүүгө;
2.1.5. Өз алдынча корпорацияларга/ишканаларга (жеке сектордун субъекттерине) товарларды, анын ичинде күнүмдүк керектелүүчү товарларды импорттоо жана/же экспорттоо үчүн түз каржылоо берүүгө;
2.1.6. Кыргыз Республикасында ишке ашырылуучу долбоор(лор)го техникалык жана/же финансылык колдоо керсөтүүгө, аларды Тараптар улуттук экономикалык артыкчылыктарга жана Кыргыз Республикасынын өнүгүү программасына ылайык бирге тандап алышат.
2.2 Тараптар Кыргыз Республикасынын соодалык кызматташтыгын жана соодасын өнүктүрүү жана башка багыттар боюнча кеңейтүү үчүн кызматташат.
3- берене. Ишке ашыруу механизми
3.1 Алкактык макулдашууну ишке ашыруунун алкагында ЭИСФК түз эле Өкмөт менен же тиешелүү финансылык-кредиттик уюмдар жана корпорациялар/ишканалар менен ЭИСФК колдонгон каржылоо жөнүндө макулдашуулардын эрежелерине жана жол-жоболоруна, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз алдынча финансылык макулдашууларга (мындан ары - Каржылоо жөнүндө макулдашуу) кол коёт.
3.2 Өкмөт ыйгарым укукту берген мамлекеттик органдардын же өзүнүн өтүнмөлөрү боюнча ЭИСФК каржылоочу долбоорлорду ишке ашыруу максатында ЭИСФК менен кызматташуу үчүн зарыл аракеттерди көрөт.
3.3 ЭИСФК Тараптар тандап алган долбоор(лор)ду финансылык колдоо үчүн башка региондук же эл аралык өнөктөштөрдү мобилизациялоо боюнча аракеттерди көрөт.
4- берене. Каржылоо
4.1 ЭИСФК мобилизациялык ресурстарды бөлүштүрүү жана долбоорлорду ишке ашырууну каржылоого жиберүү үчүн ушул Алкактык макулдашууну колдонуунун алкагында эл аралык жана региондук коммерциялык банктардан жана финансы мекемелеринен 150,0 (жүз элүү млн АКШ доллар өлчөмүндө финансылык ресурстарды 3 (үч) жылдык ичинде (жылына 50 (элүү) млн АКШ доллары) мобилизациялоо үчүн бардык аракеттерин көрөт.
4.2 Өкмөт ар бир Каржылоо жөнүндө макулдашууну талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл колдоону ишке ашыруу, көрсөтүү жана аткаруу үчүн бардык аракеттерин көрөт.
4.3 Каржылоо мезгили каржылоо суммасын төлөгөн датадан 12 (он эки) айдан ашпайт.
4.4 Каржылоо үчүн маржиналдык пайда Тараптардын келишимдерине жана рыноктук шарттарга ылайык ар бир Каржылоо жөнүндө макулдашууну түзүү учурунда аныкталат.
4.5 Өкмөт жана ЭИСФК ортосундагы кол коюлган ар бир Каржылоо жөнүндө макулдашуу ЭИСФК каржылоо эрежелерине, ислам шариатынын принциптерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Кувейт шаарында 2006-жылдын 30-майында кол коюлган Эл аралык Ислам соода-финансылык корпорациясын уюштуруу жөнүндө макулдашууга ылайык келиши керек.
5- берене. Күчүнө кирүүсү жана колдонуу мөөнөтү
5.1 Ушул Алкактык макулдашуу Өкмөт ЭИСФК ушул Алкактык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордон өткөндүгү жөнүндө жазуу жүзүндө билдиргенден кийин күчүнө кирет жана кол коюлган датадан тартып 3 (үч) жыл бою күчүндө болот.
5.2 Ушул Алкактык макулдашуунун жоболору ЭИСФК жана эл аралык, региондук банктардын жана финансылык мекемелердин бардык милдеттерин жана укуктарын толук жөнгө салуу үчүн Өкмөт же башка Тарап ушул Алкактык макулдашуунун алкагында ЭИСФК менен керектүү даражада түзгөн Каржылоо жөнүндө макулдашууга ылайык күчүндө калат.
5.3 Ушул Алкактык макулдашуу жокко чыгарылышы же узартылышы мүмкүн, же Ушул Алкактык макулдашуунун 5.1-пунктунда каралган тартипте Тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдашуусу боюнча түзөтүүлөрдү киргизсе болот.
5.4 Ушул Алкактык макулдашуу каалаган мезгилде, бир Тарапты 60 (алтымыш) күндүн ичинде жазуу жүзүндө билдиргенден кийин жокко чыгарылышы мүмкүн. Ушул Макулдашуунун күчүн токтотуу ушул Алкактык макулдашуунун алкагында түзүлгөн ар кандай Каржылоо жөнүндө макулдашуу боюнча контракттык милдеттерге зыян келтирбеши керек..
5.5 Тараптар ушул Алкактык макулдашуу Кыргыз Республикасына эч кандай финансылык милдеттерди алып келбейт деп сүйлөштү. Иш жүзүндө бул Тараптардын ушул Алкактык макулдашуунун максаттарына жетүү үчүн керектүү аракеттерди көрүүгө даяр экендигин билдирет.
5.6 Марракеш шаарында 2019-жылдын «_» _ эки түп нускада, ар бири кыргыз жана англис тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
5.7 Ушул Алкактык макулдашуунун жоболорун чечмелегенде пикир келишпестиктер келип чыкса, Тараптар англис тилиндеги текстке кайрылышат.
6- берене. Билдирүү
6.1 Ушул Алкактык макулдашуунун алкагында Тараптардын ар бирине жасала турган жана жибериле турган ар бир билдирүүсү же суроо-талабы жазуу жүзүндө таризделүүгө тийиш. Мындай билдирүү же суроо-талап кол менен, почта менен же SWIFT-билдирүү менен ушул Алкактык макулдашуунун 6.2-пунктунда көрсөтүлгөн дарек боюнча же бир Тарап башка Тарапка билдирүү жолу менен аталган башка дарек боюнча ошол Тарапка жиберүүгө же өткөрүп берүүгө уруксаты же зарылдыгы болсо берилген же жасалган болуп эсептелет.
6.2 6.1-пунктка ылайык ар бир Тарап өзүнүн дарегин төмөнкүдөй берди:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтунөн: Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунов көч., 207 Телефон: +996312660374 Факс:+996312626050
Эл аралык Ислам соода-финансылык корпорациясынан:
Р.О.Вох:55335
Джидда 21534 Сауд Аравиясы Королдугу Телефон:+966 2 646 7014 Факс: +966 2 637 106
УШУНУ ЫРАСТАП, бул Алкактык макулдашууга эки Тараптын атынан жогоруда аталган күнү жана жылы талаптагыдай кол коюлган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан
Байгончоков Мирланбек Конушбекович Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары
Эл аралык Ислам соода-финансылык корпорациясынын атынан Хани Салем Сонбол Башкы аткаруучу директор
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон