# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 93-б («Бишкекжылуулук тармагы» ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 93-б («Бишкекжылуулук тармагы» ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 93-р
- Кабыл алынган күнү: 16.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217048>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16788/edition/949259/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217048.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 93-б («Бишкекжылуулук тармагы» ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө) буйругу (16.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217048

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 16-апрели, № 93-б 2018-жылдын 26-январында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 5-февралындагы № 24 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга ылайык, (мындан ары - Каржылоо жөнүндө макулдашуу) (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоору) «Бишкекжылуулук тармагы» ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Каржылоо жөнүндө макулдашуунун күчүнө кирген күнүнөн баштап:

1) «Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу» долбоорун ишке ашыруу үчүн «Бишкекжылуулук тармагы» ачык акционердик коомуна Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын 23 000 000,0 (жыйырма үч миллион) АКШ доллар суммасындагы кредиттик каражаттарын жана 8 000 000,0 (сегиз миллион) АКШ доллар суммасындагы гранттык каражаттарын бюджеттик кредит түрүндө төмөнкүдөй шартта берсин:

- кредиттик каражаттарын колдонуу үчүн пайыздык ставка -жылдык 1,0 (бир) пайыз;

- гранттык каражаттарын колдонуу үчүн пайыздык ставка -жылдык 1,0 (бир) пайыз;

- айып - мөөнөтү өткөн суммага жылдык 2,0 (эки) пайыз;

- кайтаруу мөөнөтү 38 жыл, анын ичинде негизги сумманы төлөө боюнча жеңилдик берилген мезгил - 6 жыл;

- кредиттик каражаттарды резервдөө үчүн комиссиянын өлчөмү - жылдык 0,5 (ноль бүтүн ондон беш) пайыз, Каржылоо жөнүндө макулдашуу күчүнө киргенден кийин эсептелет; эгерде, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тиешелүү жылда Кыргыз Республикасынан зайым каражаттарынын өздөштүрүлбөгөн калдыгына эсептелүүчү кредиттик каражаттарды резервдөө үчүн акысын албаган учурда «Бишкекжылуулук тармагы» ачык акционердик коому зайым каражаттарынын өздөштүрүлбөгөн бөлүгүнө Каржылоо жөнүндө макулдашуу күчүнө киргенден кийин эсептелүүчү пайыздарды төлөөдөн бошотулат.

- күрөөлүк камсыздоо - «Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу» долбоорунун алкагында сатып алынган мүлк;

- кредиттин негизги суммасын төлөөнүн мезгили - бир жылда эки жолу, 15-апрелде жана 15-октябрда, женилдик мезгил аяктагандан кийин;

- эсептелген пайыздарды төлөөнүн мезгили - бир жылда эки жолу, 15-апрелде жана 15-октябрда, мында эсептешүүнүн башталышы -бюджеттик кредиттин каражаттарын алган күндөн тартып;

- бюджеттик кредиттин биринчи төлөмү 2024-жылдын 15-апрелинде жүргүзүлөт жана бюджеттик кредитти төлөөнүн акыркы күнү 2055-жылдын 15-октябры.

2) «Бишкекжылуулук тармагы» ачык акционердик коому менен буйруктун ушул пунктунун 1-пунктчасында аталган шартта кредиттик келишим белгиленген тартипте түзүлсүн жана анын аткарылышы камсыз кылынсын.

2. Кредиттик макулдашууга кол коюлгандан кийин «Бишкекжылуулук тармагы» ачык акционердик коомуна ушул буйруктун 1-пунктунун 1-пунктчасында аталган бюджеттик кредитти максаттуу багыты боюнча гана колдонуу, ошондой эле каражаттарды кредиттик келишимдин шарттарына ылайык кайтарууну камсыз кылуу сунушталсын.

3. «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коомуна Каржылоо жөнүндө макулдашууга ылайык каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу колдонууну, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу процессин контролдоо, ошондой эле «Бишкекжылуулук тармагы» ачык акционердик коому тарабынан ушул буйруктун 1-пунктунун 1-пунктчасында аталган бюджеттик кредитти өз убагында кайтарууну камсыз кылуу сунушталсын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
