Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Чет өлкөлүк аскердик-техникалык жардам (акысыз) көрсөтүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 2-майы № 111-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Чет өлкөлүк аскердик-техникалык жардам (акысыз) көрсөтүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын орун басарына (макулдашуу боюнча) мүмкүн болуучу принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Чет өлкөлүк аскердик-техникалык жардам (акысыз) көрсөтүү жөнүндө МАКУЛДАШУУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары "Тараптар" жана өзүнчө "Тарап" деп аталат), узак достук мамилелерге негизделген аскердик кызматташтыкты бекемдөө жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабына көмөк көрсөтүү максатында, 2000-жылдын 15-июнундагы Түркия Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү, илим жана техника жаатындагы аскердик кызматташуу жөнүндө келишимди эске алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: I берене. Максаты Аталган макулдашуунун максаты Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын табыштамасына ылайык Кыргыз Тарапка Түркия Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана Жандармериясынын Генералдык командачылыгынын запасындагы ашыкча мүлктөрүн акысыз берүү жол-жоболорун жана ыкмаларын аныктоо болуп саналат. II берене. Мазмуну Аталган Макулдашуу ушул Макулдашуудагы тиркемеде көрсөтүлгөн мүлктөрдү Кыргыз Тарапка акысыз берүүнүн тартиби менен шарттарын камтыйт. III берене. Аныктамалар Аталган макулдашууда колдонулган аныктамалар:
1. "Мүлк" - жабдуулар, аспаптар, түзүлүштөр, кеңсе жабдуулары, эмерек жана башка ушул сыяктуу мүлктөр, ошондой эле белгилүү бир иштерге пайдалануу максатында алынган, эксплуатациялоонун мөөнөтү чектелген жана чектелбеген, андан ары пайдаланууга жарактуу автомобилдер.
2. "Өткөрүп берүү" - мүлктү Кыргыз Тарапка акысыз негизде өткөрүп берүү.
3. "Эксплуатациядан чыгаруу" - эскиргендиктен же башка объективдүү себептерге байланыштуу мүлктү эксплуатациялоого жараксыздыгына байланыштуу эсептен чыгаруу.
4. "Утиль" - оңдоо шарттары бүткөндүгүнө же техникалык тейлөө шарттарынын бузулгандыгына байланыштуу пайдаланууга мүмкүн эмес, эксплуатациялоого тыюу салынган же жок кылууга жаткан, оң эмес абалда жана оңдотуу экономикалык жактан пайдасыз, кызмат өтөө мөөнөтү бүткөн жана андан ары эксплуатациялоо экономикалык жактан пайдасыз, арналышына жараша пайдаланууга мүмкүн эмес мүлк.
IV берене. Жалпы жоболор
1. Түркия Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана Жандармериясынын Генералдык Командачылыгынын балансында туруп, ашыкча катары аныкталган мүлк, аталган Макулдашуунун алкагында Тараптардын милдеттенмелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын табыштамасына жараша Кыргыз Тарапка берилет.
2. Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин алдындагы аскер атташесине Түрк тараптын атынан ушул Макулдашуунун предмети болуп саналган мүлктү өткөрүп берүүгө ыйгарым укук берилген.
3. Тараптар ушул Макулдашуунун тиркемесинде каралган мүлктөрдү Тараптардын мамлекеттеринин ортосундагы достукка жана кызматташтыкка, алардын ички жана тышкы саясатына, ошондой эле эл аралык аренадагы башка өлкөлөргө зыян алып келбегидей пайдаланууга милдеттенишет.
4. Форс-мажордук кырдаалдар пайда болгондо же Түркия Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына тиешелүү кандайдыр бир эреже бузуулар аныкталганда Түркия тарап мүлктү берүүнү убактылуу токтотуп турууга же токтотууга укуктуу.
5. Ушул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин 10-берененин 1-пунктуна ылайык мүлк Кыргыз Тарапка жеткирилет. Мүлктүн жеткирилишинин жыйынтыгы менен мүлккө менчик укугу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын атынан Кыргыз Тарапка берилет.
6. Ушул Макулдашуунун Тиркемесинде каралган мүлктү кабыл алуу жана өткөрүү убактысын, датасын жана ордун Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашышат.
7. Түрк Тараптын милдеттенмелери:
- Түрк Тарап Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясы үчүн ушул Макулдашуунун тиркемесинде көрсөтүлгөн 44 (кырк төрт) аталыштагы, баасы 1054254,66 түркия лири (бир миллион элүү төрт миң эки жүз элүү төрт түркия лири жана алтымыш алты куруш) түркия лирасы же 393070,59 АКШ доллары (АКШнын үч жүз токсон үч миң жетимиш доллары жана элүү тогуз центи) суммасындагы ар түрдүү мүлктөрдү жеткирүүгө милдеттенет;
- Кыргыз Тараптын суроосу боюнча Түркия Тараптан дайындалган персонал мүлктү жеткирүү мезгилинде мүлккө тиешелүү эксплуатациялоо, оңдоо жана башка маселелер боюнча техникалык кеңештерди акысыз көрсөтөт;
- Түркия Тарап мүлктү аталган Макулдашууда көрсөтүлгөн жоболорду бузуу менен пайдалануу аныкталган учурда мүлктү артка кайтарып алуу укугуна ээ. Андай учурда кыргыз Тарап мүлктү кайра берүү боюнча баардык чыгымдарды төлөйт;
- мүлк Кыргыз Республикасына жеткирилүүгө тийиш.
8. Кыргыз Тараптын милдеттенмеси:
- Түркия Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз аталган Макулдашуунун тиркемесинде каралган мүлктү үчүнчү тарапка же жеке адамга берүүгө, сатууга, алмашууга, ошондой эле, эсептен чыгарылган мүлктү утиль катары сатууга болбойт;
- аталган Макулдашуунун Тиркемесинде каралган мүлктү эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ишке ашырылат. Кыргыз Тарап мүлктүн эсептен чыгарылышына финансылык жана юридикалык жоопкерчилик тартат. Түркия Тарап мүлктүн эсептен чыгарылышына финансылык жана юридикалык жоопкерчиликти тартпайт;
- Кыргыз Тарап мүлктү алынган пункттан дайындалган пунктка чейин ташуу жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы жумшалган кошумча чыгымдарды төлөө жоопкерчилигин алат;
- Кыргыз Тарап берилген мүлктү пайдаланууда үчүнчү тарапка келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликти алат.
V берене. Ташуу, камсыздандыруу жана бажы маселелери
1. Берилген мүлк Кыргыз Республикасына Кыргыз тарап менен макулдашылган жерге, убакытта, датада жеткирилүүгө тийиш.
2. Мүлктү Түркия Республикасынан Кыргыз Республикасына жеткирүү убагында Түркия Тарап Түркия Республикасындагы камсыздандыруу жана бажы жол-жоболорун ишке ашырууга милдеттенет.
3. Кыргыз Республикасынын бардык бажы жол-жоболору Кыргыз Тараптан сакталууга жана таризделүүгө тийиш. Бул жол-жоболорго байланыштуу Түркия Тарап жоопкерчилик албайт.
4. Мүлк Кыргыз Республикасына алынып келип, бирок, Кыргыз Тарап Түркия Тарап менен макулдашылган убакытта мүлктү кабыл албай калса же Кыргыз Тараптын күнөөсүнөн кайра Түркия Республикасына кайтарылса, Кыргыз Тарап Кыргыз Республикасындагы ташуу, камсыздандыруу жана бажы жол-жоболору жана кандайдыр бир кармалуу учурунда пайда болгон башка чыгымдарды төлөөгө милдеттенет. Бул жол-жоболор үчүн Түркия тарап финансылык жоопкерчилик тартпайт.
VI берене. Компетенттүү жана координациялоочу органдар
1. Тараптардын ушул Макулдашууну ишке ашыруучу компетенттүү органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Тараптын атынан: Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети.
- Түркия тараптын атынан: Түркия Республикасынын Ички иштер министрлиги.
2. Тараптардын ушул Макулдашууну координациялоочу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Тараптын атынан: Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясы.
- Түркия Тараптын атынан: Түркия Республикасынын Жандармериясынын Генералдык Командачылыгы.
VII берене. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
1. Аталган Макулдашууну чечмелөө же ишке ашыруу менен байланышкан талаш маселелер келип чыккан учурда Тараптар аларды эксперттик деңгээлде сүйлөшүү жолу менен чечип, улуттук жана эл аралык сотторго же үчүнчү жакка кайрылбайт.
2. Талаштарды жөнгө салуунун жүрүшүндө Тараптар аталган Макулдашууда каралган өздөрүнүн милдеттерин аткарууну улантат.
3. Аталган макулдашуу, Тараптардын биринин жазуу жүзүндөгү сунушу менен качан болбосун өзгөртүлүшү жана кайра каралышы мүмкүн. Мындай учурда жазуу жүзүндөгү кабарлоо алынган учурдан 30 күндүн ичинде сүйлөшүүлөр башталат, аны өткөрүүнүн убактысы жана орду Тараптар менен макулдашуу боюнча аныкталат.
4. Аталган Макулдашууга кайсы учурда болбосун Тараптардын кимисинин болсо да ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө Протокол менен таризделген жазуу жүзүндөгү кайрылуусу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун X беренесине ылайык күчүнө кирет.
VIII берене. Колдонуу мөөнөтү жана мөөнөтүнүн аякташы
1. Аталган Макулдашуу, Тиркемеде көрсөтүлгөн мүлктү кабыл алуу жана өткөрүп берүү жол-жобосу аяктагандан кийин жана Кыргыз Тарапты Түркия Тараптан жазуу жүзүндө ушул Макулдашуунун алкагында берилген мүлктөр IV берененин 8-пунктуна ылайык эксплуатациядан чыгарылгандыгын кабарлаганга чейин күчүндө болот.
2. Ушул Макулдашуунун Тиркемесинде көрсөтүлгөн эксплуатациядан чыгарылган мүлк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бааланат. Кыргыз Тарап Түрк Тарапка кошумча каражаттарды төлөбөйт.
3. Эгерде Тараптардын бири, экинчи Тарап ушул Макулдашуунун жобосун сактабай жатат же сактоого мүмкүнчүлүгү жок деп эсептесе, анда ал жазуу жүзүндө консультация жүргүзүүнү сунушташы мүмкүн. Аталган консультация жазуу жүзүндө кабарлоо алынгандан кийин 30 күндүн ичинде башталууга тийиш.
4. Консультациялардын процессинде 60 күндүн ичинде жыйынтык чыкпаган учурда, анда Тараптардын кимиси болбосун дипломатиялык каналдар аркылуу 90 күндөн мурун жазуу жүзүндө кабарлоо жиберүү аркылуу Ушул Макулдашууну токтото алат.
IX берене. Форс-мажор Төмөнкү учурлар форс-мажордук кырдаалга кирет:
1) бүтүндөй өлкөдө таасирин тийгизген же мүлк жайгашкан жердеги аймакта болуп өткөн жер титирөө, өрт, суу ташкыны сыяктуу табигый кырсыктар келип чыккан учурда;
2) эпидемия каптаганда же ачкачылык учурунда;
3) согуш же блокада учурунда, жарым-жартылай же толук мобилизациялоо жарыяланганда.
X берене. Күчүнө кириши
1. Ушул Макулдашуу Тараптар тарабынан анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы кабарлоо дипломатиялык каналдар аркылуу алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
2. 2019-жылдын "___" ____________ шаарында эки түп нускада, ар бири кыргыз, түрк, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда Тараптар англис тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан
Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан
Колу:
Колу:
Аты-жөнү:
Аты-жөнү:
Кызматы:
Кызматы:
Тиркеме
Өткөрүп берүүгө пландалган материалдык-техникалык мүлктүн ТИЗМЕСИ
№
Материалдык-техникалык мүлктүн аталышы
Суралган саны (даана)
Пландалган сан
Бирдик баасы (түрк лири)
Жалпы сумма (түрк лири)
Жалпы сумма (АКШ доллары)
1
Land-Rover 110 жүк-жүргүнчү дизели
25
25
12500,00
312500,00
116513,18
2
Land-Rover 110 командирдик дизель
20
4
20000,00
80000,00
29827,37
3
Суу сордургучу
15
15
64,00
960,00
357,93
4
Термостат
15
15
3,00
45,00
16,78
5
Аба сордургучу
15
15
233,00
3495,00
1303,08
6
Туташтыруу диски каптагычы жана кысуучу подшипниги менен
15
15
5,00
75,00
27,96
7
Алдыңкы амортизаторлор
30
30
800,00
24000,00
8948,21
8
Арткы амортизаторлор
30
30
750,00
22500,00
8388,95
9
Рулдук механизм
15
15
85,00
1275,00
475,37
10
Тормоздук диск
15
15
65,00
975,00
363,52
11
Оң жаккы жана сол жаккы арткы суппорт
15
15
224,00
3360,00
1252,75
12
Муздаткыч системасынын желдеткичи
20
20
33,00
660,00
246,08
13
Спидометр
40
20
199,00
3980,00
1483,91
14
Спидометрдин приводу
10
10
500,00
5000,00
1864,21
15
Алдыңкы мост
10
10
7900,00
799000,00
29454,53
16
Кыймылдаткыч комплекти
10
10
6750,00
67500,00
25166,85
17
Отун жана аба чыпкасы
50
10
55,00
550,00
205,06
18
Май чыпкасы
50
50
6,00
300,00
111,85
19
Кур (trigger Kayisi) 06-16
20
20
20,00
400,00
149,14
20
Кур (Kayis) 17-127
20
10
40,00
400,00
149,14
21
Генератор (Aiternator-65 Amp)
20
20
227,00
4540,00
1692,70
22
Стартер
20
20
375,00
7500
2796,32
23
Кур 17*1580
20
10
50,00
500,00
186,42
24
Поршендик топ
10
5
2500,00
12500,00
4660,53
25
Туташтыруу вилкасы чогултулган
15
15
70,00
700,00
260,99
26
Кысуучу подшипник
15
15
40,00
600,00
223,71
27
Кардандык валдын крестовинасы
20
20
80,00
1600,00
596,55
28
Кардандын алдыңкы валы
20
5
190,00
950,00
354,20
29
Кардандын арткы валы
20
5
190,00
950,00
354,20
30
Газдын приводу 9359L
30
30
20,00
600,00
223,71
31
Май сордургучу
10
10
70,00
700,00
260,99
32
Бийик кончтуу ботинкалар (40)
1000
500
89,10
44550,00
16610,12
33
Бийик кончтуу ботинкалар (42)
1000
500
89,10
44550,00
16610,12
34
Бийик кончтуу ботинкалар (43)
2000
1000
89,10
89100,00
33220,24
35
Бийик кончтуу ботинкалар (44)
500
250
89,10
22275,00
8305,06
36
Бийик кончтуу ботинкалар (44)
500
250
89,10
22275,00
8305,06
37
Стетоскоп
1
1
81,00
81,00
30,20
38
Бир тараптуу мембранасы менен жеке стетоскоп
1
1
1,38
1,38
0,51
39
Эки тараптуу мембранасы менен кош стетоскоп
1
1
3,38
3,38
1,26
40
Стоматологиялык алмаздуу бор
-
5
0,65
3,25
1,21
41
Стоматологиялык жалындуу алмаздык бор
-
200
1,40
280,00
104,40
42
Бүктөмө медициналык замбил
2
0
831,90
1663,80
620,33
43
Аба стерилизатору, кургак ысытуучу
5
1
1203,60
1203,60
448,75
44
Мүлк кабы (десанттын рюкзагы)
2000
2000
94,90
189800,00
70765,44
Бардыгы
1054254,66
393070,59
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.