# КР Өкмөтүнун 2019-жылдын 13-майындагы № 134-б (Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө чыгымдарын өз учурунда каржылоо жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнун 2019-жылдын 13-майындагы № 134-б (Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө чыгымдарын өз учурунда каржылоо жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 134-р
- Кабыл алынган күнү: 13.05.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217017>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16757/edition/947745/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217017.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнун 2019-жылдын 13-майындагы № 134-б (Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө чыгымдарын өз учурунда каржылоо жөнүндө) буйругу (13.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217017

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 13-майы № 134-б Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө чыгымдарын өз учурунда каржылоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 1 7-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен, жаңы түзүлгөн мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине белгиленген тартипте кошумча 176 905 000 (жүз жетимиш алты миллион тогуз жүз беш миң) сом бөлүп берсин;

- "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү караштырсын.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул буйругун 1-пунктунда көрсөтүлгөн каражатты максаттуу пайдаланууну камсыздасын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
