КР Өкмөтүнүн (Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга кошумча протоколдун долбоорун жактыруу жөнүндө) буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 6-майы № 125-б "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
1. Анкара шаарында 2014-жылдын 3-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга кошумча протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрине жогоруда аталган Кошумча протоколго принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Долбоор Анкара шаарында 2014-жылдын 3-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга кошумча протокол Мындан ары «Тараптар» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтү, Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну кеңейтүү ниетин жетекчиликке алуу менен, Анкара шаарында 2014-жылдын 3-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун негизинде, Төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1- берене Түркия тарап Анкара шаарында 2014-жылдын 3-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун 4-беренесинде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасы үчүн дарылоо боюнча квотага кошумча дагы 50 бейтапты - Кыргыз Республикасынын жарандарын акысыз дарылоо боюнча өзүнө милдеттенме алат. Жогоруда аталган бейтаптарды - Кыргыз Республикасынын жарандарын Түркия Республикасынын Бишкектеги Элчилиги тандайт жана Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекитилет. Бейтаптардын транспорттук чыгымдарын бейтаптардын өздөрү жеке каражаттардын эсебинен төлөйт. 2- берене Ушул Кошумча протокол акыркы жазуу жүзүндө билдирме алган күндөн тартып күчүнө кирет, алар менен Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Кошумча протокол күчүнө кириши үчүн керектүү өздөрүнүн ички мамлекеттик жол-жоболорун бүтүргөндүгү жөнүндө бири бирин билдирет. Ушул Кошумча протокол Анкара шаарында 2014-жылдын 3-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу менен катары күчүндө болот. Ушул Кошумча протокол Тараптардын жазуу жүзүндөгү өз ара макулдугу боюнча кайсы учурда болбосун өзгөртүлүшү мүмкүн. Өзгөртүүлөр ушул берененин биринчи абзацында каралган укуктук жол-жоболорго ылайык күчүнө кирет. Ушул Кошумча протокол Анкара шаарында 2014-жылдын 3-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 2019-жылдын «_» _ _ шаарында кыргыз, түрк, орус жана англис тилиндеги эки түп нускада коюлду, мында тексттердин бардыгы бирдей күчкө ээ. Чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.