# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-мартындагы № 32-б (Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу" юридикалык жактардын бирикмесине мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана ишине зарыл болгон шарттарды түзүп берүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-мартындагы № 32-б (Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу" юридикалык жактардын бирикмесине мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана ишине зарыл болгон шарттарды түзүп берүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217000>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16740/edition/945875/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217000.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-мартындагы № 32-б (Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу" юридикалык жактардын бирикмесине мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана ишине зарыл болгон шарттарды түзүп берүү жөнүндө) буйругу (01.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217000

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 1-марты № 32-б "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу" юридикалык жактардын бирикмесине мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана ишине зарыл болгон шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы белгиленген тартипте:

"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу" юридикалык жактардын бирикмесине Бишкек шаары. Киев кечөсү, 96 "Б" дарегиндеги мамлекеттик имараттан жалпы аянты 61.0 кв. м. болгон № 313, 314, 315, 716-б кабинеттерди акысыз пайдалануу жөнүндө келишимдин шарттарынын негизинде. коммуналдык кызматтарга жана эсплуатациялык чыгымдарга акы төлөе менен беш жыл мөөнөткө пайдаланууга берсин; "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу" юридикалык жактардын бирикмесинин ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн кабинеттерди максатка ылайык пайдалануусун камсыздасын.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
