# КР Өкмөтүнүн 2019 - жылдын16-апрелиндеги 97-б (Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүу уюмдары үчүн жалпы орто билими жөнүндө жекелештирилген аттестаттардын жана негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктөрдүн бланктарын даярдоо жана берүү боюнча өз учурунда кызмат көрсөтүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019 - жылдын16-апрелиндеги 97-б (Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүу уюмдары үчүн жалпы орто билими жөнүндө жекелештирилген аттестаттардын жана негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктөрдүн бланктарын даярдоо жана берүү боюнча өз учурунда кызмат көрсөтүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 97-р
- Кабыл алынган күнү: 16.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216999>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16739/edition/945873/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216999.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019 - жылдын16-апрелиндеги 97-б (Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүу уюмдары үчүн жалпы орто билими жөнүндө жекелештирилген аттестаттардын жана негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктөрдүн бланктарын даярдоо жана берүү боюнча өз учурунда кызмат көрсөтүү жөнүндө) буйругу (16.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216999

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019 - жылдын 16-апрели № 97-б Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүу уюмдары үчүн жалпы орто билими жөнүндө жекелештирилген аттестаттардын жана негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктөрдүн бланктарын даярдоо жана берүү боюнча өз учурунда кызмат көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- 34110 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги" ведомстволук классификациясы (борбордук аппарат) боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүу жана илим министрлигинин 2019-жылга бюджеттик чыгымдарын 5 000 000(беш миллион) сомго азайтсын;

- 53110 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы" ведомстволук классификациясы (борбордук аппарат) боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2019-жылга бюджеттик чыгымдарын 5 000 000 (беш миллион) сомго көбөйтсүн;

- "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул буйругунан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү караштырсын.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
