# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 113-б (Ысык-Көл облусунун аймагында болгон катуу шамалдын кесепеттерин жоюу боюнча кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 113-б (Ысык-Көл облусунун аймагында болгон катуу шамалдын кесепеттерин жоюу боюнча кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 113-р
- Кабыл алынган күнү: 02.05.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216993>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16733/edition/945733/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216993.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 113-б (Ысык-Көл облусунун аймагында болгон катуу шамалдын кесепеттерин жоюу боюнча кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жөнүндө) буйругу (02.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216993

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 2-майы № 113-б Ысык-Көл облусунун аймагында болгон катуу шамалдын кесепеттерин жоюу боюнча кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып, белгиленген тартипте:

1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине 2019-жылга каралган бюджеттик каражаттарды 1 063 353 (бир миллион алтымыш үч миң үч жүз элүү үч) сомго кемитсин;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүне караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине республикалык бюджеттен бериле турган каражаттардын көлөмүн 1 063 353 (бир миллион алтымыш үч миң үч жүз элүү үч) сомго кебөйтсүн, анын ичинен:

652 293 (алты жүз элүү эки миң эки жүз токсон үч) сом - Ысык-Көл бириккен облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн имаратынын чатырын калыбына келтирүү боюнча кечиктирилгис иштерди жүргүзүүгө; 411 060 (төрт жүз он бир миң алтымыш) сом - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун аймактык ооруканасынын имаратынын чатырын калыбына келтирүү боюнча кечиктирилгис иштерди жүргүзүүгө;

3) "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына белгиленген тартипте өзгөртүү киргизсин.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен биргеликте "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү караштырсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылсын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
