Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (2018-2023-жылдарга Өлкөлүк алкактык программанын расмий тилдеги долбоорун жактыруу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 271 токтомунун редакциясына ылайык) 2018-жылдын 12-сентябры № 316-б
1. 2018-2023-жылдарга Өлкөлүк алкактык программанын расмий тилдеги (расмий эмес котормо) долбоору (мындан ары - Өлкөлүк алкактык программа) 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директоруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Өлкөлүк алкактык программага кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын делегациясы Өлкөлүк алкактык программага кол коюуга катышуу үчүн 2-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын делегациясы 2018-жылдын 17-21-сентябрында Австрия Республикасынын Вена шаарына командировкага жиберилсин.
5. Өлкөлүк алкактык программаны аткарууну координациялоо Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине жүктөлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 271 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
2-тиркеме
2018-жылдын 17-21-сентябрында Австрия Республикасынын Вена шаарында боло турган 2018-2023-жылдарга Өлкөлүк алкактык программага кол коюуга катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ
Разаков Ж.П.
-
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын жетекчиси;
Рустамов А.А.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Жандаева А.А.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу борборунун башкы адиси.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндөЗакон · 17.06.1999 · № 58
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентЗакон · 16.11.2013 · № 202 · Күчүн жоготкон
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2012-жылдын 24-майындагы № 309 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун 2012-2016-жылдарга карата "Ден соолук" улуттук…Постановление · 24.05.2012 · № 309 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.