Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Камбар-Ата ГЭС-2ни коопсуз пайдаланууну камсыздоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 11-апрели № 87-б 2017-жылдын 10-июлундагы № 121 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган жана 2017-жылдын 28-февралында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашуунун күчүнө кирүү шарттарын аткаруу максатында, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун кеңешинин 2018-жылдын 29-декабрындагы жыйынынын № 43 протоколун көңүлгө алуу менен, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Камбар-Ата ГЭС-2ни коопсуз пайдаланууну камсыздоо боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" жана "Электр станциялар" ачык акционердик коомдору менен биргеликте (макулдашуу боюнча) Пландын тиешелүү иш-чараларын каржылоону камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрүшсүн.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Тиркеме
Камбар-Ата ГЭС-2ни коопсуз пайдаланууну камсыздоо боюнча иш-чаралардын ПЛАНЫ Камбар-Ата ГЭС-2 коопсуз пайдаланууну камсыздоо боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - План) 2016-жылдын 23-сентябрындагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун кеңешинин чечимине жана 2017-жылдын 28-февралында Бишкек шаарында кол коюлган № 5 Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү" долбоорун (мындан ары - Долбоор) каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) шарттарына ылайык иштелип чыккан. План төмөнкүлөр менен байланышкан тобокелдиктерди жоюуну жана минималдаштырууну карайт:
1) Курулуш-эксплуатациялык суу агызуучунун (КЭСА) жана Камбар-Ата ГЭС-2инин (мындан ары - КАГЭС-2) суу кабыл алгычтарынын жанындагы жантаймалардын туруктуулук абалы;
2) КАГЭС-2нин плотинасынан Нарын дарыясынын агымы боюнча 7 км жогорудагы суу сактагычтын оң жээгиндеги туруксуз массив көчкөн учурда Нарын дарыясынын суусун өткөрүүнү камсыздоо;
3) КАГЭС-2нин суу сактагычынын ылайланышы;
4) Суу кирген учурда КАГЭС-2нин суу чыгаруучу курулмалары аркылуу суунун максималдуу эсептелген чыгымын өткөрүү;
5) Өлчөөчү контролду жана өлчөө натыйжаларын мезгилдүү талдоону өткөрүү менен ишенимдүү жана системалуу натуралык байкоолорду уюштуруу аркылуу плотинанын жалпы жана фильтрациялык туруктуулугуна жана жылчыксыздыгына сейсмикалык таасир көрсөтүү.
Макулдашуунун № 5 тиркемесинин 3.2-пунктуна ылайык Планды ишке ашырууга жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине (же анын укук мурастоочусуна) жүктөлөт. Ушул Планды өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети (же анын укук мурастоочусу) Пландын ар бир бөлүмү боюнча деталдуу кадамдык план-графигин иштеп чыгат, Планды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен бекитилген датасынан тартып 3 айдан кечиктирбей ЕТӨФ каражаттарын башкаруучу менен макулдашат жана аны ишке ашырат. Ушул Планга кандайдыр бир өзгөртүүлөр жана толуктоолор ЕТӨФ каражаттарын башкаруучу менен макулдашуу боюнча киргизилет. Пландын мазмуну:
№
Ишке ашыруу тартиби
Ишке ашыруу мезгили
Ишке ашыруунун зарылдыгын негиздөө
Каржылоо булагы
1. Турбиналык суу алып өткүчтөрдүн жана КАГЭС-2нин КЭСЧ суу кабыл алгычтарынын жанындагы жантаймалардын туруктуулугун камсыздоо
1.1
КАГЭС-2нин суу кабыл алгычтарынын жанындагы жантаймаларды темир тор менен бекемдөө боюнча ДИИ жүргүзүү
Аткарылды
КАГЭС-2нин жантаймаларынын туруксуздугу тоо тектеринин көчкүсүнө жана суу кабыл алгычтардын булганышынын же тосулушунун натыйжасында станциянын иштөө режиминин бузулушуна алып келиши мүмкүн
ЭС
1.2
Консультантты тандоо Подрядчыны тандоо Иликтөө иштерин даярдоо жана КМИ аткаруу
2020-ж. - 2022-ж.
ЕТӨФ(1)
2. Дарыянын негизги нугу тосулган учурда суунун агып кетиши үчүн Нарын дарыясынын сол жээгинде суу өтмөгүн куруу
2.1
Дарыянын негизги нугу тосулган учурда суунун агып кетиши үчүн Нарын дарыясынын сол жээгинде суу өтмөгүн куруу боюнча ДИИ жүргүзүү
Аткарылды
КАГЭС-2ге жакын жайгашкан Нарын дарыясынын оң жээгинин урап түшүшүнөн дарыянын негизги нугу тосулуп калышы жана плотинанын туруктуулугуна доо келтирилиши мүмкүн
ЭС
2.2
Консультантты тандоо Подрядчыны тандоо ДБД даярдоо жана КМИ аткаруу
2020-ж. - 2022-ж.
ЕТӨФ
3. Камбар-Ата суу сактагычынын ылайлануусуна каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар
3.1
Суу сактагычты толтуруу жана агызуу режимин иштеп чыгуу
Жыл сайын
Үзгүлтүксүз тазалоонун жоктугу 10 жылга жетпеген мезгилде бүтүндөй суу сактагычтын ылайлануусуна алып келет
ЭС
3.2
Тазалоого даярдоо учурунда суу сактагычты толтуруу жана агызуу графигин иштеп чыгуу жана бекитүү
3.3
Негизги жабдыктарды оңдоо планына жана Нарын дарыясынын суу режимине ылайык тазалоо
4. Кошумча суу агызуучуну, айланма (буруучу) каналды куруу жана КАГЭС-2нин плотинасында акыркы иштерди жүргүзүү
4.1
КАГЭС-2де төмөнкүлөрдү куруу боюнча ДИИ:
- геологиялык изилдөөлөрдү жана гидравликалык моделдөөнү жүргүзүүнү эске алуу менен КАГЭС-2нин кошумча суу агызуучусун жана айланма каналды;
- плотинанын акыркы иштерин жүргүзүү;
- плотинанын оң жээгиндеги боорду жантайтуу
Аткарылды
Суу кирген мезгилде гидротүйүн аркылуу керектүү суунун чыгымын өткөрүү мүмкүндүгүнүн жоктугу плотинанын туруктуулугуна таасир этиши мүмкүн
ЭС
4.2
Төмөнкүлөр боюнча ДБД даярдоо жана КМИ аткаруу:
- геологиялык изилдөөлөрдү жана гидравликалык моделдөөнү жүргүзүүнү эске алуу менен КАГЭС-2нин кошумча суу агызуучусу жана айланма каналы;
- плотинанын акыркы иштерин жүргүзүү;
- плотинанын оң жээгиндеги боорду жантайтуу
2020-ж. - 2023-ж.
ЕТӨФ
5. Өлчөөчү жыйынтыктарды мезгилдүү талдоо менен анык жана системалуу өлчөө көзөмөлүн уюштуруу
5.1
Төмөнкүлөрдүн абалына мониторинг жүргүзүү системасын иштеп чыгуу жана киргизүү:
- плотинанын;
- суу агызуучу курулмалардын;
- туташ боорлордун жана плотинанын
2020-ж. - 2021-ж.
Плотинанын, суу агызуучунун жана анын боорлорунун абалына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү системасынын, ошондой эле мониторингдин жыйынтыктарын талдоонун жоктугу плотинанын ишенимдүүлүк жана коопсуздук деңгээлинин төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн
ЕТӨФ
5.2
Төмөнкүлөрдүн абалына мониторинг жүргүзүү системасын иштеп чыгуу жана киргизүү:
- плотинанын затынын фильтрациялык бекемдигине (басымдын градиенти, фильтрациялык коэффициенти, суффозия);
- плотинанын фильтрациялоого каршы элементтерине;
- плотинанын фильтрациялоого каршы элементтери менен кайрадан долбоорлонгон элементтердин кошулган түйүнүнө
5.3
Плотинанын, суу агызуучунун жана анын боорлорунун абалына мониторинг жүргүзүү
Квартал сайын
ЭС
5.4
"Түштүк" жаракасын өзгөчө изилдөө менен түрдүү жаракалардын сейсмикалык абалына мониторинг жүргүзүү
5.5
Курулмалардын жана ОРУ-500 кВ конструкциялардын астындагы жердин абалына мониторинг жүргүзүү
5.6
Айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоого (ОВОС) ылайык айлана-чөйрөнүн абалына мониторинг жүргүзүү
5.7
Төмөнкү боорлордун туруктуулугуна мониторинг жүргүзүү:
- плотинанын ыкташкан оң жээги боюнча;
- турбиналык суу алып өткүчтөрдүн жана КАГЭС-2нин КЭСАнын суу кабыл алгычтарынын сол жээги боюнча;
- жер плотинасына
5.8
Суу сактагычтын ылайлануусуна мониторинг жүргүзүү
Жылына 2 жолу
(1) Кыргыз Республикасы ЕТӨФгө кайрылса жана Фонд бул тууралуу каржылоо чечимин кабыл алса, бул жерде жана мындан ары "ЕТӨФ" аббревиатурасы көрсөтүлгөн учурда каржылоо булагы болуп ЕТӨФ эсептелет. Башка учурларда КР аталган иш-чараларды башка булактардан Планда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө каржылайт. Колдонулган кыскартуулар:
ЭС
-
"Электр станциялар" ААК, Макулдашуунун шарттарына ылайык Акыркы алуучу;
ӨЭЖМК
-
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети (же анын укук мурастоочусу);
ДИИ
-
долбоорлоо-иликтөө иштери;
КМИ
-
курулуш-монтаждоо иштери;
ДБД
-
долбоорлоо-сметалык документтер;
ОРУ-500 кВ
-
500 кВ ачык бөлүштүрүүчү түзүлмө
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- 2017-жылдын 28-февралында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого…Закон · 10.07.2017 · № 121
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон