# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 95-б (Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык улутташтырылган мүлктүн мурдагы менчик ээлеринин кайрылууларын кароо боюнча комиссия түзүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 95-б (Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык улутташтырылган мүлктүн мурдагы менчик ээлеринин кайрылууларын кароо боюнча комиссия түзүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 95-р
- Кабыл алынган күнү: 16.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216975>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16715/edition/945696/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216975.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 95-б (Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык улутташтырылган мүлктүн мурдагы менчик ээлеринин кайрылууларын кароо боюнча комиссия түзүү жөнүндө) буйругу (16.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216975

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 16-апрели № 95-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 619 токтому менен бекитилген Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык улутташтырылган мүлктүн мурдагы менчик ээлеринин кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө жобонун 4 жана 5-пункттарын аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык улутташтырылган мүлктүн мурдагы менчик ээлеринин кайрылууларын кароо боюнча комиссия ушул буйруктун тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев

Тиркеме

Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык улутташтырылган мүлктүн мурдагы менчик ээлеринин кайрылууларын кароо боюнча комиссиянын КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын Экономика министри, комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Юстиция министри, комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун директору, комиссиянын төрагасынын орун басары. Комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракцияларынын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Финансы министри; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы; "Өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча).
