# КР Премьер-министринин 2018-жылдын 6-декабрындагы № 720 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 82 буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2018-жылдын 6-декабрындагы № 720 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 82 буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 720
- Кабыл алынган күнү: 06.12.2018
- Редакциянын күнү: 08.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216972>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16712/edition/1280945/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216972.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2018-жылдын 6-декабрындагы № 720 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 82 буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу (08.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216972

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2018-жылдын 6-декабры № 720 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмүндөгү өзгөрүүлөргө байланыштуу: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 82 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- преамбуладагы "9" деген цифра "17" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча комиссиянын курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев

Тиркеме "Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча комиссиянын КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, Комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кадр жана мамлекеттик кызмат маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, Комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кадр жана мамлекеттик кызмат маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн эксперти, Комиссиянын катчысы. Комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Финансы министри; Кыргыз Республикасынын Юстиция министри; Кыргыз Республикасынын Экономика министри; Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри; Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын төмөнкү маселелерди тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери:

- уюштуруу-инспектордук иштер;

- укуктук экспертиза;

- социалдык өнүктүрүү;

- билим берүү, маданият жана спорт.
