# КР Премьер-министринин 2019-жылдын 4-мартындагы № 116 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин курамы тиркемеге ылайык бекитүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2019-жылдын 4-мартындагы № 116 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин курамы тиркемеге ылайык бекитүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 04.03.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216963>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16703/edition/1107601/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216963.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2019-жылдын 4-мартындагы № 116 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин курамы тиркемеге ылайык бекитүү жөнүндө) буйругу (22.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216963

---

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 22-ноябрындагы № 613 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2019-жылдын 4-марты № 116 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 449 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө жобонун 3-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 19-январындагы № 28 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын социалдык блогун тейлеген вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, Кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, Кеңештин төрагасынын орун басары. Кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо маселелери боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары - Илим департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору;

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору;

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору;

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору;

Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик архитектура, транспорт жана курулуш университетинин ректору;

Ош мамлекеттик университетинин ректору; Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия жана фитотехнология институтунун директору; Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Машина изилдөө институтунун директору; Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору; Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Энергетика жана экономика илимий-изилдөө институтунун директору. Жеке (макулдашуу боюнча):

Керезбеков Канат Керезбекович

\-

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы, юридика илимдеринин доктору, профессор;

Жапаров Акылбек Үсөнбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, экономика илимдеринин доктору;

Шаршекеева Камила Дүйшөбаевна

\-

Борбордук Азиядагы Эл аралык университетинин ректору;

Тургунбаева Жаңылсынзат Турдакуновна

\-

"Супара этнографиялык комплекси" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;

Сооронбаев Талантбек Маратбекович

\-

академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун интенсивдүү пульмонология блогунун пульмонология жана аллергология бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор;

Исмаилова Рита Асанкуловна

\-

"Манас" Кыргыз-Түрк университетинин компьютердик инженерия боюнча доцентинин милдетин аткаруучу, техника илимдеринин кандидаты, Ph.D;

Орозбаев Рустам Талапкерович

\-

Борбордук Азиядагы Америка университетинин кол өнөрчүлүк геология кафедрасынын доценти, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунун улук илимий кызматкери, геология-минералогия илимдеринин кандидаты, Ph.D;

Өмүралиева Айымжан Медербековна

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун лаборатория башчысы, геология-минералогия илимдеринин кандидаты, Ph.D;

Малюкова Наталья Николаевна

\-

Б.Ельцин атындагы Орус-Славян университетинин билим берүү жана илимдеги инновациялык башкармалыгынын башчысы, 2020-жылга чейин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин мамлекеттер аралык программасынын алкагында инновациялык кызматташуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш борборунун координатору, геология-минералогиялык илимдеринин кандидаты, профессор;

Миненков Геннадий Олегович

\-

"Томэкс" медициналык борборунун радиология бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор;

Исмаилов Алтынбек Жапарович

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын директору.
