Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-министринин (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин курамы тиркемеге ылайык бекитүү жөнүндө) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Председателя Кабинета Министров КР от 22 ноября 2021 года № 613 (Об утверждении состава Совета по науке, инновациям и новым технологиям при Председателе Кабинета Министров Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-11-22.
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 22-ноябрындагы № 613 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2019-жылдын 4-марты № 116 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 449 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө жобонун 3-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 19-январындагы № 28 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын социалдык блогун тейлеген вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, Кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, Кеңештин төрагасынын орун басары. Кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо маселелери боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары - Илим департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору;
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору;
К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору;
И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору;
Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик архитектура, транспорт жана курулуш университетинин ректору;
Ош мамлекеттик университетинин ректору; Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия жана фитотехнология институтунун директору; Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Машина изилдөө институтунун директору; Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору; Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Энергетика жана экономика илимий-изилдөө институтунун директору. Жеке (макулдашуу боюнча):
Керезбеков Канат Керезбекович
-
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы, юридика илимдеринин доктору, профессор;
Жапаров Акылбек Үсөнбекович
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, экономика илимдеринин доктору;
Шаршекеева Камила Дүйшөбаевна
-
Борбордук Азиядагы Эл аралык университетинин ректору;
Тургунбаева Жаңылсынзат Турдакуновна
-
"Супара этнографиялык комплекси" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;
Сооронбаев Талантбек Маратбекович
-
академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун интенсивдүү пульмонология блогунун пульмонология жана аллергология бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор;
Исмаилова Рита Асанкуловна
-
"Манас" Кыргыз-Түрк университетинин компьютердик инженерия боюнча доцентинин милдетин аткаруучу, техника илимдеринин кандидаты, Ph.D;
Орозбаев Рустам Талапкерович
-
Борбордук Азиядагы Америка университетинин кол өнөрчүлүк геология кафедрасынын доценти, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунун улук илимий кызматкери, геология-минералогия илимдеринин кандидаты, Ph.D;
Өмүралиева Айымжан Медербековна
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун лаборатория башчысы, геология-минералогия илимдеринин кандидаты, Ph.D;
Малюкова Наталья Николаевна
-
Б.Ельцин атындагы Орус-Славян университетинин билим берүү жана илимдеги инновациялык башкармалыгынын башчысы, 2020-жылга чейин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин мамлекеттер аралык программасынын алкагында инновациялык кызматташуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш борборунун координатору, геология-минералогиялык илимдеринин кандидаты, профессор;
Миненков Геннадий Олегович
-
"Томэкс" медициналык борборунун радиология бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор;
Исмаилов Алтынбек Жапарович
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын директору.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 22-ноябрынданы № 613 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы…Распоряжение · 22.11.2021 · № 613 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Премьер-министринин 2017-жылдын 19-январындагы № 28 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин курамы…Распоряжение · 19.01.2017 · № 28
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 449 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим жана инновациялар боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуПостановление · 06.07.2015 · № 449 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 22-ноябрынданы № 613 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы…Распоряжение · 22.11.2021 · № 613 · Күчүн жоготкон