# КР Премьер-министринин 2018-жылдын 9-октябрындагы № 615-б (Кадрдык өзгөрүүлөр жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2018-жылдын 9-октябрындагы № 615-б (Кадрдык өзгөрүүлөр жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 615
- Кабыл алынган күнү: 09.10.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216960>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16700/edition/1111084/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216960.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2018-жылдын 9-октябрындагы № 615-б (Кадрдык өзгөрүүлөр жөнүндө) буйругу (22.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216960

---

КР Премьер-Министринин 2021-жылдын 22-февралындагы № 108 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2018-жылдын 9-октябры № 615-б Мамлекеттик башкаруу системасындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-октябрындагы № 330 "Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигин түзүү жөнүндө" Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин Уставына ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Абдралиева Гулмира Курманбековна Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин Байкоочу кеңешинин курамына Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин өкүлү катары киргизилсин.

2. Байкоочу кеңештин курамынан К.Б.Шадыбеков чыгарылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 12-июнундагы № 497 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
