# КР Премьер-министринин 2018-жылдын 28-сентябрындагы № 599 (2018-жылдын IV кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында каралуучу негизги маселелердин тизмесин бекитүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2018-жылдын 28-сентябрындагы № 599 (2018-жылдын IV кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында каралуучу негизги маселелердин тизмесин бекитүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 599
- Кабыл алынган күнү: 28.09.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216959>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16699/edition/945286/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216959.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2018-жылдын 28-сентябрындагы № 599 (2018-жылдын IV кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында каралуучу негизги маселелердин тизмесин бекитүү жөнүндө) буйругу (01.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216959

---

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы № 622 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2018-жылдын 28-сентябры № 599

1. 2018-жылдын IV кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында каралуучу негизги маселелердин тизмеси (мындан ары - Тизме) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун жетекчилери бир жумалык мөөнөттө Тизмеге ылайык маселелерди даярдоонун кадамдык пландарын иштеп чыгып, бекитишсин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына беришсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында каралуучу маселелерди даярдоо тапшырылган Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун жетекчилери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында каралуучу материалдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына сапаттуу жана өз убагында киргизүү үчүн жеке жоопкерчилик тарта тургандыгы белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү Тизмеге ылайык маселелерди даярдоого мониторинг жүргүзүүнү туруктуу негизде ишке ашырышсын.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев

Тиркеме 2018-жылдын IV кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында каралуучу негизги маселелердин ТИЗМЕСИ

№

Маселенин аталышы

Маселени/аналитикалык маалыматты даярдоо үчүн жооптуу органдын аталышы

Баяндамачы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маселелерди өз убагында даярдоону контролдоочу бөлүмдөрү

2018-жылдын 26-октябры

1

"Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги

Кыргыз Республикасынын Финансы министри

Финансы жана кредит саясаты бөлүмү

2

Күзгү-талаа жумуштарынын жүрүшү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри

Агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмү

2018-жылдын 9-ноябры

1

2018-жылдын январь-сентябрында Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

Кыргыз Республикасынын Экономика министри

Экономика жана инвестициялар бөлүмү

2

Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк тике инвестицияларды тартуу боюнча чаралар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги/Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги/Кыргыз Республикасынын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги

Кыргыз Республикасынын Экономика министри

Экономика жана инвестициялар бөлүмү

2018-жылдын 23-ноябры

1

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга карата туризм чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча программасын ишке ашыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри

Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү

2

Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди социалдык-укуктук колдоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы/Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы

Социалдык өнүктүрүү бөлүмү

2018-жылдын 21-декабры

1

Кыргыз Республикасынын Президентинин "2018-жылды региондорду өнүктүрүүнүн жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын жана 2018-2022-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын региондук саясат концепциясын аткаруунун жүрүшү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги/Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

Кыргыз Республикасынын Экономика министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

Уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмү, экономика жана инвестициялар бөлүмү

2

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 19-майындагы № 553-VI "Кыргыз Республикасынын материалдык жана материалдык эмес активдерин инвентаризациялоо, идентификациялоо, кайра баалоо жана эсебин алуу жөнүндө" токтомун ишке ашыруу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд/Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы

Экономика жана инвестициялар бөлүмү
