# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 322-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-сентябрындагы № 400-б буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 322-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-сентябрындагы № 400-б буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 322-р
- Кабыл алынган күнү: 17.09.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.09.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216943>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16683/edition/1141019/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216943.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 322-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-сентябрындагы № 400-б буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругу (17.09.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216943

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 17-сентябры № 322-б Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-сентябрындагы № 400-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн "CASA-1000" долбоорунун даярдык иш-чараларын координациялоо боюнча жумушчу топтун курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев

Тиркеме

"Тиркеме

"CASA-1000" долбоору боюнча даярдык иш-чараларын координациялоо боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ

Оморов Азамат Каныбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси;

Абдыкадыров Азамат Эсенгелдиевич

\-

"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун төрагасы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);

Тюменбаев Акылбек Рабаевич

\-

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун долбоорлорду ишке ашыруу боюнча аткаруучу директору, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча).

Жумушчу топтун мүчөлөрү:

Алмакунов Азамат Жумабекович

\-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тышкы саясатты талдоо, пландоо жана координациялоо департаментинин директору;

Жээнбеков Марат Арынбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин электр энергетика башкармалыгынын начальниги;

Мамасыдыков Нурбек Бекболотович

\-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын мамлекеттик инвестициялардын программалары бөлүмүнүн башчысы;

Орозоев Улан Эсенбаевич

\-

"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);

Раимкулов Рустанбек Имашевич

\-

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун долбоорлорду ишке ашыруу тобунун начальниги (макулдашуу боюнча);

Усеков Нурдин Насрединович

\-

"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун энергияны сатуу бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча);

Жумалиев Кайрат Насерович

\-

"CASA-1000" долбоорунун координатору (макулдашуу боюнча);

Иманкулова Жанна Сатовна

\-

"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун эл аралык кызматташтык жана долбоорлорду мониторингдөө бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча).".
