# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 106-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен "Ош шаарында оорукана комплексин куруу" долбоору боюнча кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысынын расмий тилде долбоорун жактыруу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 106-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен "Ош шаарында оорукана комплексин куруу" долбоору боюнча кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысынын расмий тилде долбоорун жактыруу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 106-р
- Кабыл алынган күнү: 18.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216939>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16679/edition/944678/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216939.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 106-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен "Ош шаарында оорукана комплексин куруу" долбоору боюнча кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысынын расмий тилде долбоорун жактыруу жөнүндө) буйругу (18.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216939

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2019-жылдын 18-апрели № 106-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы достук мамилелерди андан ары өнүктүрүү максатында, "2015-жылдын 26-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эки тараптуу техникалык-экономикалык жардамдын долбоорлорун ишке ашыруудагы кызматташуунун алкактары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" жана "Бирге алганда Ош шаарында оорукана комплексин куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу жана офистик эмеректин бөлүгүн жана медициналык жабдууларды берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзгөн Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин катына Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2012-жылдын 25-майындагы жооп катын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен "Ош шаарында оорукана комплексин куруу" долбоору боюнча кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысынын расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрине жогоруда аталган Кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысына принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
