# КР Премьер-министринин 2017-жылдын 3-февралындагы № 96 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 2-июнундагы № 305 буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2017-жылдын 3-февралындагы № 96 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 2-июнундагы № 305 буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 03.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.02.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216934>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16674/edition/944088/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216934.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.02.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2017-жылдын 3-февралындагы № 96 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 2-июнундагы № 305 буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө) буйругу (03.02.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216934

---

КР Премьер-министринин 2017-жылдын 26-декабрындагы № 922 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2017-жылдын 3-февралы № 96 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 2-июнундагы № 305 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган буйруктун 1-тиркемесинде:

5-пунктунун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын; 6-пунктунда:

- 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу маселелери боюнча орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу жана мониторинг жүргүзүү боюнча иштерди координациялоо;";

- 5-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;

- 6-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6) өз компетенциясынын чегинде өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү жана координациялоо;"; 8-пунктунун 1-пунктчасынын үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- жогоруда аталган буйруктун 2-тиркемесинде:

5-пунктунда:

- 1-пунктча "аларды толтуруу тартиби)," деген сөздөрдөн кийин "инвестициялык саясат (тышкы жардам боюнча)" деген сөздөр менен толукталсын;

- 2-пунктча "финансылык тартипти камсыздоо" деген сөздөрдөн кийин ", тышкы саясат" деген сөздөр менен толукталсын;

6-пунктунда:

- 2-пунктча "бюджеттик-финансылык" деген сөздөрдөн кийин "жана инвестициялык (тышкы жардам боюнча)" деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 4-1 - 4-3-пунктчалар менен толукталсын:

"4-1) тышкы жардамдын (кредиттик, гранттык каражаттар) алкагында ишке ашырылуучу долбоорлорго/программаларга мониторинг жүргүзүү; 4-2) тышкы жардамды тартуу жана пайдалануу маселелерине карата өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү; 4-3) тышкы жардамдын электрондук маалыматтар базасын жүргүзүү боюнча иштерди координациялоо;";

- 8-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

"- башка мамлекеттик органдарды (өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча, тышкы саясат бөлүгүндө);"; төмөнкүдөй мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын: "'10-1. Бөлүмдүн түзүмүнө тышкы жардамды координациялоо боюнча сектор кирет. Тышкы жардамды координациялоо боюнча сектордун башчысы:

1) бөлүмдүн башчысы жана бөлүмдүн башчысынын орун басары жок учурда алардын милдеттерин аткарат;

2) сектордун ишин жетектейт, секторго жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

3) бөлүмдүн башчысы жок учурда же анын тапшырмасы боюнча Өкмөттүн жыйындарына, Премьер-министрде, вице-премьер-министрлерде, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинде жана анын орун басарларында болгон жыйналыштарга сектордун компетенциясына кирген маселелер боюнча катышат;

4) төмөнкүлөрдү ишке ашырат:

- Мамлекеттик инвестициялар программасынын долбоорлорунун ишке ашырылышын контролдоону;

- тышкы жардамдын алкагында ишке ашырылуучу долбоорлорго/программаларга мониторинг жана талдоо жүргүзүүнү;

- тышкы жардамдын электрондук маалыматтар базасын жүргүзүү боюнча иштерди координациялоону;

- тышкы жардамды координациялоо маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү.".

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков
