Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-министринин (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Премьер-министра КР от 26 декабря 2017 года N 922 (Об утверждении Положения о структурных подразделениях Аппарата Правительства Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-02-03.
КР Премьер-министринин 2017-жылдын 26-декабрындагы № 922 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2017-жылдын 3-февралы № 96 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 2-июнундагы № 305 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган буйруктун 1-тиркемесинде:
5-пунктунун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын; 6-пунктунда:
- 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу маселелери боюнча орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу жана мониторинг жүргүзүү боюнча иштерди координациялоо;";
- 5-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
- 6-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) өз компетенциясынын чегинде өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү жана координациялоо;"; 8-пунктунун 1-пунктчасынын үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган буйруктун 2-тиркемесинде:
5-пунктунда:
- 1-пунктча "аларды толтуруу тартиби)," деген сөздөрдөн кийин "инвестициялык саясат (тышкы жардам боюнча)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пунктча "финансылык тартипти камсыздоо" деген сөздөрдөн кийин ", тышкы саясат" деген сөздөр менен толукталсын;
6-пунктунда:
- 2-пунктча "бюджеттик-финансылык" деген сөздөрдөн кийин "жана инвестициялык (тышкы жардам боюнча)" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-1 - 4-3-пунктчалар менен толукталсын:
"4-1) тышкы жардамдын (кредиттик, гранттык каражаттар) алкагында ишке ашырылуучу долбоорлорго/программаларга мониторинг жүргүзүү; 4-2) тышкы жардамды тартуу жана пайдалануу маселелерине карата өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү; 4-3) тышкы жардамдын электрондук маалыматтар базасын жүргүзүү боюнча иштерди координациялоо;";
- 8-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- башка мамлекеттик органдарды (өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча, тышкы саясат бөлүгүндө);"; төмөнкүдөй мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын: "'10-1. Бөлүмдүн түзүмүнө тышкы жардамды координациялоо боюнча сектор кирет. Тышкы жардамды координациялоо боюнча сектордун башчысы:
1) бөлүмдүн башчысы жана бөлүмдүн башчысынын орун басары жок учурда алардын милдеттерин аткарат;
2) сектордун ишин жетектейт, секторго жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) бөлүмдүн башчысы жок учурда же анын тапшырмасы боюнча Өкмөттүн жыйындарына, Премьер-министрде, вице-премьер-министрлерде, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинде жана анын орун басарларында болгон жыйналыштарга сектордун компетенциясына кирген маселелер боюнча катышат;
4) төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
- Мамлекеттик инвестициялар программасынын долбоорлорунун ишке ашырылышын контролдоону;
- тышкы жардамдын алкагында ишке ашырылуучу долбоорлорго/программаларга мониторинг жана талдоо жүргүзүүнү;
- тышкы жардамдын электрондук маалыматтар базасын жүргүзүү боюнча иштерди координациялоону;
- тышкы жардамды координациялоо маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү.".
Премьер-министр
С.Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Премьер-министринин 2017-жылдын 26-декабрындагы № 922 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө) буйрукуРаспоряжение · 26.12.2017 · № 922 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Премьер-министринин 2016-жылдын 2-июнундагы № 305 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорун бекитүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 02.06.2016 · № 305 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Премьер-министринин 2017-жылдын 26-декабрындагы № 922 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө) буйрукуРаспоряжение · 26.12.2017 · № 922 · Күчүн жоготкон