# КР Премьер-министринин 2017-жылдын 27-январындагы № 65 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 2-июнундагы № 305 буйругуна толуктоо киргизүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2017-жылдын 27-январындагы № 65 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 2-июнундагы № 305 буйругуна толуктоо киргизүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216933>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16673/edition/944086/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216933.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2017-жылдын 27-январындагы № 65 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 2-июнундагы № 305 буйругуна толуктоо киргизүү жөнүндө) буйругу (27.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216933

---

КР Премьер-министринин 2017-жылдын 26-декабрындагы № 922 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2017-жылдын 27-январы № 65 Коррупциянын алдын алууга комплекстүү мамилелерди белгилөө, көрүлгөн коррупцияга каршы чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 2-июнундагы № 305 буйругуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жөнүндө жободо:

- 6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 17-1-пунктча менен толукталсын:

"17-1) коррупцияга каршы окутуу боюнча комплекстүү мамилелерди жана иш-чараларды иштеп чыгуу жана алардын мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылышы боюнча иштерди координациялоо;".

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков
