# КР Премьер-министринин 2016-жылдын 29-августундагы № 489 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 2-июнундагы № 305 буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2016-жылдын 29-августундагы № 489 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 2-июнундагы № 305 буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 489
- Кабыл алынган күнү: 29.08.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216932>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16672/edition/944084/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216932.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2016-жылдын 29-августундагы № 489 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 2-июнундагы № 305 буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө) буйругу (29.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216932

---

КР Премьер-министринин 2017-жылдын 26-декабрындагы № 922 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2016-жылдын 29-августу № 489 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 2-июнундагы № 305 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 1-пункттагы "19" деген цифралар "20" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда 20-тиркеме менен толукталсын;

- 3-тиркеменин 8-пунктунун 1-пунктчасында:

экинчи абзац "чарба" деген сөздөн кийин ", тамак-аш өнөр жайы" деген сөздөр менен толукталсын; алтынчы абзацтагы "Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр "Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 4-тиркеменин 8-пунктунун 1-пунктчасында:

экинчи жана үчүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети";

- 5-тиркеменин 8-пунктунун 1-пунктчасында:

экинчи абзацтагы "коммуникациялар" деген сөз "жол" деген сөз менен алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети;"; төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын; жетинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын; тогузунчу абзацтагы "коммуникациялар" деген сөз "жол" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 18-тиркеменин 10-пунктунун экинчи абзацында:

"чарба" деген сөздөн кийин ", тамак-аш өнөр жайы" деген сөздөр менен толукталсын; "коммуникациялар" деген сөз "жол" деген сөз менен алмаштырылсын; "Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттик" деген сөздөр "Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков
