# КР Президентинин 2018-жылдын 23-ноябрындагы ПБ № 287 (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 21-июнундагы № 147 буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Президентинин 2018-жылдын 23-ноябрындагы ПБ № 287 (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 21-июнундагы № 147 буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: РП № 287
- Кабыл алынган күнү: 23.11.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.11.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216929>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16669/edition/943980/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216929.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.11.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2018-жылдын 23-ноябрындагы ПБ № 287 (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 21-июнундагы № 147 буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругу (23.11.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216929

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ БУЙРУК 2018-жылдын 23-ноябры ПБ № 287 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 21-июнундагы № 147 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы З1 жана 32 -пункттар менен толукталсын:

"З1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы менен бирдикте төмөнкүлөр сунушталсын:

- Кыргыз Республикасында Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйналышын өткөрүүгө карата Кыргыз Республикасынын Президентинин № 1 мамлекеттик резиденциясынын объекттерин өз убагында долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону камсыз кылуу боюнча тийиштүү чараларды көрсүн;

- бул буйруктан келип чыккан башка иш-чараларды ишке ашырсын.

32. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы:

- жогоруда аталган объекттерди долбоорлоого, курууга жана реконструкциялоого заказчы катары Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин № 1 мамлекеттик резиденциясы" мамлекеттик мекемеси, башкы подрядчы катары Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы "Кыргызкурулушсервис" мамлекеттик ишканасы аныкталсын;

- уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, техникалык жана башка жагынан камсыз кылууну ишке ашырсын.".

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Ш. Жээнбеков
