# КР Президентинин 2019-жылдын 23-январындагы ПБ № 8 ("Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы" жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсүнүн кызмат ордунан бошотуу жана дайындоо жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Президентинин 2019-жылдын 23-январындагы ПБ № 8 ("Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы" жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсүнүн кызмат ордунан бошотуу жана дайындоо жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: РП N 8
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216927>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16667/edition/943976/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216927.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2019-жылдын 23-январындагы ПБ № 8 ("Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы" жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсүнүн кызмат ордунан бошотуу жана дайындоо жөнүндө) буйругу (23.01.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216927

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ БУЙРУК 2019-жылдын 23-январы ПБ № 8 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 25-октябрындагы № 303 Жарлыгы менен ратификацияланган 2000-жылдын 7-августундагы Кыргыз Республикасынын экономикасын узак мөөнөттүү өнүктүрүү максатында финансы-экономикалык уюмду түзүү үчүн Кыргыз Республикасы менен Ага-Хандын Экономикалык өнүктүрүү фондунун, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Эл аралык финансы корпорациясынын, Немец инвестициялар жана өнүктүрүү компаниясынын жана Реконструкциялоо банкынын ортосундагы Эл аралык финансы келишимине ылайык:

1. Мурзабеков Эркебай Рустамович "Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы" жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсүнүн кызмат ордунан бошотулсун.

2. Исабеков Азим Бейшенбаевич "Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы" жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсүнүн кызмат ордуна дайындалсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн директорлор кеңешинин курамына шайлоо үчүн "Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы" жабык акционердик коомунун акционерлеринин жалпы чогулушунун кароосуна А.Б.Исабековдун талапкерлигин белгиленген тартипте киргизсин.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 31-октябрындагы № 312 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Ш.Жээнбеков
