# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-мартындагы № 44-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 655-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө"

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-мартындагы № 44-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 655-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 44-р
- Кабыл алынган күнү: 04.03.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216903>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16643/edition/942174/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216903.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-мартындагы № 44-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 655-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" (04.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216903

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 4-марты № 44-б Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 86-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 655-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Дүң киреше салыгы боюнча отчётторду толтуруу жана көрсөтүү тартибинде:

- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Отчёт кагазга жазылган документ же электрондук документ түрүндө түзүлөт жана берилет.";

- 4-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) электрондук документ түрүндөгү отчетко салык төлөөчүнүн же салык төлөөчүнүн кызмат адамынын же салык өкүлүнүн электрондук кол тамгасы менен кол коюлууга тийиш.";

- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7. Электрондук документ түрүндөгү отчёт Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте берилет.";

2) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Жылдык сумма боюнча отчётторду толтуруу жана көрсөтүү тартибинде:

- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Отчёт кагазга жазылган документ же электрондук документ түрүндө түзүлөт жана берилет.";

- 4-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) электрондук документ түрүндөгү отчетко салык төлөөчүнүн же салык төлөөчүнүн кызмат адамынын же салык өкүлүнүн электрондук кол тамгасы менен кол коюлууга тийиш.";

- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7. Электрондук документ түрүндөгү отчёт Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте берилет.";

3) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Ысык-Көл төгүмү боюнча отчётторду толтуруу жана көрсөтүү тартибинде:

- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Отчёт кагазга жазылган документ же электрондук документ түрүндө түзүлөт жана берилет.";

- 4-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) электрондук документ түрүндөгү отчетко салык төлөөчүнүн же салык төлөөчүнүн кызмат адамынын же салык өкүлүнүн электрондук кол тамгасы менен кол коюлууга тийиш.";

- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7. Электрондук документ түрүндөгү отчёт Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте берилет.".

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
